БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ош шаарында күйөөсү 39 жаштагы аялын бассейнде эс алып жатканда элдин көзүнчө сабаган. Жубайы алган жаракатынан улам үйүндө каза болгон. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.
Тергөө учурунда жубайлар эс алуу борборлорунун биринде убакыт өткөрүп, ичимдик ичип отурушканы маалым болгон. Алардын ортосунда чыр чыгып күйөөсү аялына бир нече ирет кол көтөргөн.
Жабырлануучу оор абалда экенине карабастан үйүнө эптеп жетип келген. Тергөө учурунда аял алган жаракатынан улам көз жумганы аныкталган.
Аталган факты боюнча маркумдун 44 жаштагы жолдошу кармалды. Ал жубайын элдин көзүнчө сабаганын моюндап, бирок өлүп калат деп ойлобогонун билдирген.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.