БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Бухара көчөсүнүн бир бөлүгү жол кыймылы үчүн ачылгандыгын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, Бухара көчөсүнүн Сары-Челек жана Анжиян көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндөгү оңдоо иштери аягына чыкты.
"Оңдоодон өтүп жаткан жолдун узундугу 1200, туурасы сегиз метрди түздү. Жолдун эки тарабына тең жаңы тротуар жайгаштырылды. Ошондой эле ирригация системасы жакшыртылып, жол белгилери орнотулду", — деп айтылат билдирүүдө.
"Бишкекасфальтсервис" ишканасы быйылкы жылдын эсебинен шаар ичинде 51 көчөнү ремонттоону пландаган.