Үч жыл ичинде Ирак, Сириядагы бомбалоодон бейкүнөө 624 адам өлгөн

© REUTERS / Khalil AshawiСитуация в сирийском городе Идлиб
Ситуация в сирийском городе Идлиб - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коалиция учурда 424 бейкүнөө адамдын өлүмү туурасындагы маалымат такталып жаткандыгын кошумча билдирген

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы АКШ коалициясы Сирия, Иракка ташталган бомбадан 2014-жылдан бери бейкүнөө 624 адам каза болгондугун билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

"Бүгүнкү күнгө карата эсеп-чотко таянсак, операциялардын бириккен штабы 624 адам коалиция таштаган бомбадан көз жумган деп эсептейт. Бул "Майтарылбас чечкиндүүлүк" операциясынан башталган", — деп айтылат коалициянын маалыматында.

Билдирүүдө курмандыктар боюнча маалыматтар көрсөткүчү 2017-жылдын июль айына карата чыгарылгандыгы айтылат. Учурда коалиция 424 бейкүнөө адамдын өлүмү такталып жаткандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0