БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. 6-августта өлкөнүн көпчүлүк аймагында күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Чүй жана Талас облустарында 31…36 градус ысык болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен дубандарында күндүн табы 32…37 градуска чейин көтөрүлсө, Ысык-Көл менен Нарында 25…30 градуска чейин ысыйт.
Бишкек менен Ош шаарларында күн 33…35 градуска чейин ысык болот.