БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ош шаарынын Апсамат Масалиев атындагы көчөсүндө жайгашкан скверди жакшыртуу үчүн тендер жарыяланды.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, Ош шаардык курулуш башкармалыгы скверди жакшыртуу иштерине 2 миллион 126 миң 610 сом сарптоого даяр.
Тендер 3-августта жарыяланып, мөөнөтү 25-августта аяктайт.