БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди жана Карамык айылдарында оорукана курулуп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган эки айылдагы ооруканалар жер титирөөдөн талкаланып, анын курулуш иштери 10-июлда башталган.
"Бүгүнкү күнү курулуш белгиленген график боюнча жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Курулуштун жүрүшү министр Талантбек Батыралиевдин жеке көзөмөлүндө. Жалданган компания имаратты мөөнөтүндө бүтүрөрүн белгиледи.