БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. "Кыргыз деңизи" пансионатында 6 жашар баланы машина коюп кеткенин милициядан билдиришти.
"Кырсык 2-августта эртең менен пансионаттын аймагында болгон. Honda Fit машинасын айдап бараткан киши баланы коюп кеткен. Жабыркаган бала жеңил жараат менен ооруканага жеткирилген", — деп милициядан кошумчалашты.
Бирок күбөлөрдүн айтымында, айдоочу баланы жана анын энесин коюп кеткен.
"Эне-бала кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат", — деп күбө билдирди.
Аталган факты боюнча бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды.