БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука айыл өкмөтү айыл чарба техникаларын сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, айыл өкмөт комбайн, трактор жана айыл чарба шаймандарын сатып алуу үчүн 19 миллион 998 миң сом сарптоого даяр.
Тендер 28-июлда жарыяланып, мөөнөтү 18-августта аяктайт.