БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов неберелери менен жаңы ыр чыгарганын "Хроника Туркменистана" басылмасы өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
Учурда Бердымухамедов Аваза шаарында эмгек өргүүсүндө.
Ал жаңы ырды дароо эле неберелеринин коштоосунда ырдаган. Чыгарма "Ядымда" (Эсимде) деп аталат.
Белгилей кетсек Бердымухамедов такай жаңы ырларды чыгарып, ырдап турат. Анын бир чыгармасы Азия оюндарынын гимни болгон.