Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖалал-Абад облусу, Ала-Бука району. Архив
Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүн табы 32…39 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө 31, Нарында 30 градус ысыса, Чүйдө 37, Таласта 36 градус ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0