БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Чыгыш автобекетинин аймагындагы жер астындагы өтмөктү оңдоо иштери Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата бүткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Муниципалитеттен билдиришкендей, реконструкция иштери аяктап калды. Учурда жумушчулар жарыктандыруу жана вентиляциялык системасын оңдоп бүтүп, шыбак иштерин башташты.
Мындан тышкары, мэрия Чүй-Абдрахманов жана Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөктөрдү дагы оңдоп жатат. Соодагерлер жаз айларында орундарын бошотушкан.