00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Украинанын жарандыгынан ажыраган Саакашвили чырылдай баштады

© Sputnik / Денис Петров / Медиабанкка өтүүГрузиянын экс-президенти, Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвилинин архивдик сүрөтү
Грузиянын экс-президенти, Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвилинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грузия бийлиги бир нече жолу Киевден Саакашвилини экстрадиция кылып берүүсүн суранып, тетири жооп алган

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кечээ Украинанын жарандыгынан ажыраган Грузиянын экс-президенти, Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили бул өлкөгө мыйзамдуу түрдө кайтаарын билдиргенин РИА Новости жазды. 

Шершемби күнү Украинанын Миграция кызматы президент Петр Порошенко Саакашвилини украин жарандыгынан ажыратканын кабарлаган. Ал эми Саакашвили мурдараак грузин жарандыгынан кол жуугандан кийин бир гана Украинанын паспорту менен жүргөнүн айткан.

"Мен Украинада үч жылдан бери жашап келе жатам. Үч революцияга катыштым. Менин бир гана жарандыгым бар, мени андан ажырата алышпайт. Учурда мени качкын макамын алсын деп мажбурлоону каалап жатышат. Бирок алардын максаты ишке ашпайт. Мен Украинага мыйзамдуу түрдө кайтам", — деп Саакашвили өзүнүн Facebook баракчасына жазды. 

Украинанын лидери Петр Порошенко менен Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Киевде жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Порошенко менен Лукашенконун жолугушуусунда жарым жылаңач кыз чуу салды
Ошондой эле ал азыркы депутаттарга караганда Украинага салымы чоңураак экенин айтып, күрөштү Украинадан улантарын кошумчалаган.

Саакашвили 2013-жылы ноябрь айында жаңы президент шайлангада Грузиядан кеткен. Ал эми ал өлкөнүн прокуратурасы экс-президентке сыртынан бир нече берене боюнча айып таккан.

2015-жылы Порошенко ага Украинанын жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып шайлаган. Бир жылдан кийин Саакашвили украин бийлиги коррупцияга каршы турууга каалоосу жок экенин айтып, ээлеген кызматын таштаган.

Грузия бийлиги бир нече жолу Киевден Саакашвилини экстрадиция кылып берүүсүн суранып, тетири жооп алып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0