БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. АКШнын Томас Жефферсон университетинин окумуштуулары "адамдын жаштайынан спорттун бир түрү менен алектениши ийгиликке жеткирет" деген түшүнүктү четке какты. Бул тууралуу РИА Новости American Journal of Sports Medicine журналына таянуу менен жазды.
Окумуштуунун айтымында, 21-кылымдын башына чейин профессионал спортчулар учурунда "өзүнүнкүнөн" тышкары түрлөр менен машыгып, ар тараптуу болуп келишкен. Кырдаал 2000-жылдардан тарта кескин өзгөрө баштаган. Спорттун бир гана түрүнө басым жасоодон спортчулардын чеберчилиги өтө өсүп кеткени байкалган эмес.
"Мындан тышкары, бир түрдүү машыгуудан улам жаштар көбүрөөк жаракат алары белгилүү болду. Бул пикирге спортчулардын өздөрү да макул болушту", — деди Бакли.
Ушу тапта аталган окумуштуулар бул жаатта иликтөөсүн улантары белгилүү болду.