БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ысык-Көлгө КМШ мамлекеттеринин маданият министрлери чогулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, 3-4-август аралыгында Чолпон-Ата шаарында маданият жаатында кызматташуу кеңешинин 32-жыйыны өткөрүлөт.
"Тараптар 2016-2020-жылдар аралыгында маданият тармагында кызматташууга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашат. Жыйынга КМШнын аткаруучу комитетинин жетекчилиги дагы катышат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле кызматташуу кеңешинин алкагында ART EXPO эл аралык көргөзмөсүн, "Шериктеш мамлекеттердин маданий борборлору" аттуу иш-чараларды ишке ашыруу жаатында сөз болмокчу.