АКШнын Флорида штатындагы Майами-Бич шаарында пляж модасынын жумалыгы өттү.
Ливандык фотограф Омар Реда "Кыргыздардын сүйкүм жүзү" сериясындагы сүрөт түрмөгүн тартуулады.
Ямайкалык жеңил атлетчи Усэйн Болт жүз метрлик аралыкты 9,95 секундада багындырды. Бул анын эң мыкты көрсөткүчү болуп эсептелет.
Израилдин чек арасына жакын жерде палестиналыктар Израилдин аскерлери менен кагылышса, атагы чыккан Linkin Park музыкалык тобунун солисти Честер Беннингтондун сөөгү өзүнүн батиринде табылган.
Калифорниядагы токой өртү 60 турак үйдү күлгө айлантты. Өрттүн жалпы аянты 10 гектарга жеткен.

1/17
© Фото / Омар Реда
Бул сүрөттү ливандык саякатчы Омар Реда Кыргызстанга болгон сапарында тарткан. Ал сүрөт топтомун "Кыргыздардын сүйкүм жүзү" деп атаган

Майами-Бич шаарында пляж модасынын жумалыгы өттү (Флорида шататы)

Эфиопиянын жашоочусу Аббас Юсуф Харэра шаарынын четинде гиенага (чөл же жарым чөлдүү жерлерди байырлаган жырткыч) азык берип жатат

Кыргызстандык 17 жаштагы гимнаст Роман Пак машыгуу учурунда. Спортчу республиканын гимнастика боюнча чемпиону болуп эсептелет

Италиянын MB-339 жана МАКС-2017 үлгүсүндөгү учактары менен машыгуу маалы (Жуковск)

Россиянын Сириядагы аскерлери Кунейтра провинциясындагы тургундарга гуманитардык жардам берип жатышат

Ямайкалык жеңил атлетчи Усейн Болт Монакодо өткөн "Бриллиант лигасындагы" жеңишинен кийин бийлеп жатат. Спортчу 100 чакырымдык аралыкты 9,95 секундада чуркап өткөн. Бул анын эң мыкты көрсөткүчү болуп калды

Каршылык акциясына чыккан палестиналык жаран израилдик аскерлерге карата таш ыргытып жатат

Бейшемби күнү атагы далайга тараган Linkin Park музыкалык тобунун солисти Честер Беннингтон өз өмүрүн кыйды. 41 жаштагы ырчынын сөөгү Калифорниядагы өзүнүн батиринен табылган. Сүрөттө Беннингтон 2017-жылы Лос-Анжелесте өткөн 40-музыкалык сыйлык тапшыруу аземинде ырдап жатат

Дилидеги Чыгыш Тимордун эркиндиги үчүн митингге чыккандар

Калифорния штатынын чыгыш тарабында жайгашкан токойдо өрт чыгып сегиз миңге жакын адам үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Өрт 10 гектарга жакын жерди жалмап кеткен

Германиянын Франкфурт шаарындагы чагылган

Түркиядагы Эгей көлүнүн жээгинде жер силкинип, 70 адам жабыркады

Кытайлык спортчулар 14-30-июль аралыгында Венгрияда өтүп жаткан суу оюндары боюнча чемпионатта өнөрлөрүн тартуулап жатышат

Түгөйлөр Вьетнамдагы "Хаобинь" гидроэлектрстанциясындагы сууну кое берүү маалында сүрөткө түшүп жатышат

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде өткөн "Тескей жээк" этнофестивалында кыргыз акробаттары өнөрүн көрсөттү

Жыл сайын Россияда өткөрүлчү "Miss Maxim — 2017" сынагынын катышуучусу Анна Федотова
