00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ноокенде чек арадагы эки айылды артка жылдыруу муктаждыгы жаралды

© Фото / Талгат БакиевГраница между Узбекистаном в Ноокенском районе
Граница между Узбекистаном в Ноокенском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айылдар чек арага жакын жайгашкандыктан унаа өтүүчү жол тарып кеткен. Мындай көрүнүш аскерлердин чек араны коргоосуна жолтоо болууда.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ноокен районундагы эки айылды Өзбекстан менен чектешкен чек арадан 50 метр артка жылдыруу аракеттери көрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Таалайбек Тажибаевге шилтеме берип кабарлады.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жоокерлери жүрүүчү жолго бир гана унаа батат. Мындай көрүнүш аскерлердин чек араны коргоосуна жолтоо болууда. Буга байланыштуу айылдарды артка жылдыруу муктаждыгы келип чыккан.

© Фото / Талгат БакиевНоокен районундагы эки айылды Өзбекстан менен чектешкен чек арадан 50 метр артка жылдыруу аракеттери көрүлүп жатат.
Ноокен районундагы эки айылды Өзбекстан менен чектешкен чек арадан 50 метр артка жылдыруу аракеттери көрүлүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ноокен районундагы эки айылды Өзбекстан менен чектешкен чек арадан 50 метр артка жылдыруу аракеттери көрүлүп жатат.
© Фото / Талгат БакиевКыргызстандын жоокерлери жүрүүчү жолго бир гана унаа батат. Мындай көрүнүш аскерлердин чек араны коргоосуна жолтоо болууда.
Кыргызстандын жоокерлери жүрүүчү жолго бир гана унаа батат. Мындай көрүнүш аскерлердин чек араны коргоосуна жолтоо болууда. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Кыргызстандын жоокерлери жүрүүчү жолго бир гана унаа батат. Мындай көрүнүш аскерлердин чек араны коргоосуна жолтоо болууда.
© Фото / Талгат БакиевБуга байланыштуу айылдарды артка жылдыруу муктаждыгы келип чыккан.
Буга байланыштуу айылдарды артка жылдыруу муктаждыгы келип чыккан. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Буга байланыштуу айылдарды артка жылдыруу муктаждыгы келип чыккан.
1/3
Ноокен районундагы эки айылды Өзбекстан менен чектешкен чек арадан 50 метр артка жылдыруу аракеттери көрүлүп жатат.
2/3
Кыргызстандын жоокерлери жүрүүчү жолго бир гана унаа батат. Мындай көрүнүш аскерлердин чек араны коргоосуна жолтоо болууда.
3/3
Буга байланыштуу айылдарды артка жылдыруу муктаждыгы келип чыккан.

"Өзбекстан тарап өз чек арасынын аймагындагы 35 үйдөгү жай тургундарды көчүрүп, чек араны зым менен тоскон. Учурда ар төрт саат сайын чек арачылар келип кайтарып турушат. Ал эми Кыргызстандын 2004-жылдан бери айылдарды 50 метр артка жылдыруу аракетинен майнап чыкпай келет", — деди Тажибаев.

Ал ошондой эле учурда Чек айылынан 32, Бостон айылынан 22 үй-бүлөнү көчүрүү үчүн жергиликтүү бийлик айыл аралап түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Чек ара көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек ара кызматы 15 объекти курууда
Бостон айылынын 53 жаштагы тургуну Хусанбай Кожобеков 32 жылдан бери чек арага тартылган тикенек зымдан 10 метр алыстыктагы турак үйүндө жашап келет.

"Бул жерге көнүп калгандыктан кеткибиз келбей жатат. Башка жактан жер берилген күндө деле ал жакка үй салып көнүп кетүү кыйынга турат. Бирок бир нече жылдан бери эле жыласыңар деп айтып келишкендиктен, үй-жайды оңдоодон да тартынып калдык", — деди Кожобеков.

Ал эми Момбеков айыл өкмөтүнүн жер адиси Бекназар Раманкуловдун айтымында, элди көчүрүү үчүн атайын жер тилкеси даярдалып жатканы менен компенсация төлөө маселеси так чечиле элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0