Рома экөөбүз көнүгүү жасоочу төшөктө олтурабыз. Колундагы тырыкты көрсөтө, Санкт-Петербургга болгон эки жыл мурдагы сапарынын жыйынтыгы экенин айтат. Олдоксон машыгуудан улам сөөгү сынып кеткен. Операция жасалат.
"Апам гимнастиканы ташташымды талап кылды, аябай сарсанаа боло берет. Бирок, ага көнгөн жокмун. Он эки жылдан бери машыгам. Олимпиадага катышкым келет", — дейт Кыргызстандын спорттук гимнастика боюнча чемпиону Роман Пак.
Бул бозой ооруга да моюн бербейт. Таиланддагы оюнунан кийин өзбекстандык спортчу айран таң калган – канында металл бар экен. Көнбөгөн ысык климаттык шарттардан улам биздин спортчунун өйкөлгөн алаканы канап кеткен. Бирок, Пак ага карабай оюнун мыкты деңгээлде аяктоого тырышкан.
Каарманыбыздын устаты, спорттук гимнастика боюнча өлкөнүн курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Ткачук кыргызстандык спортчуларды атаандаштары кандай кабылдарын жылмая баяндайт.
"Казакстандык кесиптештерибиз ушундай шартта бизде гимнастика азыркыга чейин сакталганына таңданышат. А мен Кыргызстанда гимнастика тек гана сакталбастан, коңшуларды чаңыбызда калтырууга ниетибизди айтам. Алар "көрөбүз, чамдагыла!" деп күлүшөт", — дейт Ткачук.
Айтмакчы, Роман Казакстандагы мелдеште эки күмүш медаль тагынып кайткан. Чындыгында эле, кыргызстандык гимнастиканын учугун улап келет.
Машыктыруучу менен күшүлдөп-бышылдаган балдарды аралай залды кыдырып жүрөбүз. Александр кайсы жабдык канча турарын жатка билет, адатта алардын наркы миңдеген еврону чапчыйт. Маселен, төшөлчү бир эле килем бир жарым миллион сомдун башын чапчыйт.
"Зал отуз жыл бою жаңыланган эмес. Эл аралык бирикмеге кат жазып жүрүп, алар айрым жабдыктарды сатып беришти. Жакында эле залдын жарымынан көбүрөөгүн жаңылап алдык", — дейт ал.
Машыктыруучу кырдуу устундарды бекемдеп кармаган төрт кендир аркандын бирине сөөмөй кадай, темир чынжыр бир нече ирет ширетилгенин айтат. Чоңоюп калган гимнаст үчүн мындайларда машыгуу кооптуу: эгер көнүгүү убагында чынжыр үзүлүп кетсе, спортчу бир топ алыска ыргып, оор жаракат алышы ыктымал.
Дүйнөлүк деңгээлдеги спортчуну мындай шартта даярдаш мүмкүн эмес: өлкө боюнча жападан жалгыз гимнастикалык залда шакекче колго жасалган. Ал эми төшөлгөн килем профессионалдык оюндар үчүн эмес, тек гана машыгууларга жарайт — астындагы бекем серпилгинин ордуна поролон салынган.
"Спортчу профессионалдык мелдештерге барганда ал жактагы жабдыктарга көнүшү кыйын. Бул оюндун жыйынтыгына түздөн-түз таасир этет", — деп үшкүрүнөт Ткачук.
Капысынан анын жумшак добушу катаал чыгып, "зоңк" этти. "Бутту карма! Бутту карма деп жатам", — деп корсулдайт машыктыруучу. Анын үнүнөн башкалар эмес, биздин оператор да чочуп, буттарын түздөп алгандай болду.
"Балдарга башкача мамиле болбойт. Эгер залда жылмайып турсам, тартип жоголот. Ар бири машыгууга бүт ыкыласын коюшу кажет. Бул биринчи иретте коопсуздук маселеси", — деп түшүндүрдү менин таңыркаган көз карашымдан улам.
Ошентсе да, залдагы балдардын көбү машыктыруучунун сезимдеринин тереңдигин туя албаса керек. Себеби, өтө назик курагында – беш жашында бул залга туш болуп, бой жеткен убакка чейин чандасы гана туруштук бере алат. Статистика боюнча, он беш кишиден 1-2өө гана гимнастиканы таштабай улантып кетет.
Залда акырын жүргөн алты жашар кыз колун өйдө көтөрүп, штанганын чоюндарын алакандарына сыга кармайт. Жүзүнөн тер агып жатты, ага да кайыл. Материалды тартып бүтүп, баары менен коштошо залдан чыгып баратабыз. Каалганын түбүнө жеткенде дагы бир бурула жанагы кызды карадым. Ошол калыбында чоюнду кармаган боюнча турат. Колу бир сантиметрге да бүгүлгөн эмес!