БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Аксакалдар сотунун өкүлдөрү атайын окутуудан өтүшкөнүн мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, семинарда укуктук маселелер талкууга алынган.
"Бул иш-чаранын максаты аксакалдар сотунун потенциалын жогорулатуу болуп эсептелет. Семинарда аксакал соттордун чечим чыгаруу тартиби, аппелациялык арыздар, аткаруу иштери тууралуу сабактар өтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага аксакалдар сотунун 96 мүчөсү катышкан.