БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Флоридада көл жээгинде 80 адам кол кармашып узундугу 100 метр болгон жандуу чынжыр түзүп көлгө чөгүп кете жаздаган үй-бүлөнү куткарып калышты. Бул тууралуу РИА Новости CBS телеканалына шилтеме берүү менен жазды.
Dozens of strangers form human chain to rescue swimmers at Florida beach https://t.co/W0AmsgNhDj pic.twitter.com/9BJXVpyugy
— CBS News (@CBSNews) 12 июля 2017 г.
Маалыматка ылайык, Роберта Урсрей аттуу айым үй-бүлөсү менен көл жээгинде эс алып жатканда эки баласын толкун тартып кеткен. Балдарын куткарууга апасы, анын артынан алты үй-бүлө мүчөлөрү дагы чуркаган. Бирок эч ким куткара алган эмес. Бактыга жараша көл жээгинде жүргөн бейтааныш кишилер суунун ортосуна чейин кол кармашып барып, үй-бүлөнү куткарып калган.
"Мен баарына алкыш айтам. Өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн өмүрү үчүн аларга карызмын", — деди Урсрей.
Телеканалдын маалыматы боюнча балдардын апасы сууга түшкөндө жүрөгү кармап ооруканага жеткирилген. Калган үй-бүлө мүчөлөрү жаракат алган эмес.