Сулуулук сынагында 24 келин ат салышкан. Алар подиумга чыгып, кече көйнөктөрүн көрсөтүшкөн.
Конкурстун жеңүүчүсү болуп Назик Сагынбаева табылды. Ал "Аалам сулуусу 2018" сынагында Кыргызстандын намысын коргойт.
Ал эми биринчи вице-миссис Жылдыз Мажитовага буйруп, үстүбүздөгү жыл ичинде өтө турган "Missis World wide International" сынагына катышат. Экинчи вице-миссис Махинур Розиева болсо "Missis Top Of the world 2018" эл аралык сынагына катышмай болду. Вице-мисс Ольга Видякина Түркияга жолдомо утса, төртүнчү вице-мисс Элана Абылкасымова Ысык-Көлдө эс алат.
Ал эми былтыркы жылдагы сынакта 30 жаштагы Назгүл Жумалиева жеңүүчү болгон.