Активисттер Айжан Чыныбаева жана Дмитрий Андреев өздөрүн таштандычылар деп коюшат. Бишкектен жаштарды чогултуп барып, Ысык-Көлдүн жээгин тазалашат. Айжан менен Дмитрийдин айтымында, ыктыярчылардын көптүгүнөн улам айрым учурда алардын көмөгүнөн баш тартууга туура келет.
Өлкөбүздүн келечеги жок эмес окшобойбу…
— Интернетте кандай кадам болбосун, асылгандар четтен чыгат. Ысык-Көлгө кайдыгер карабагандарды чогултуп, көлдү тазалап жатасыңар. Мында да сынга көп кабылган учурлар болсо керек?
Дмитрий: Адамдар кылдан кыйкым издей беришет. Акыркы акцияга 650 киши катышкан, негизинен студенттер болчу. Аны уккандар: "Түшүнүктүү, зачет алыш үчүн иштеп атышат" дей башташты.
Айжан: Facebook баракчага чыккан демилгебизге мынчалык көп киши көңүл бурат деп ойлобоптурмун. Социалдык желе – кыйла эле күч экен! Эл ал жакка эс алып, көңүл ачып, же өзүн өзү сүрөткө тартууга барган жок.
Балдар жаны тынбай иштешти. Кечки тамак маалына да карабай күн батканча бүтүрүүгө шашылышты. Бизге жергиликтүү тургундар да, бийлик да кошулду. Мэрияда иштеген бир айым балдардын иштегенин көрүп, көзүнө жаш алды. "Баштыкты шамал учуруп баратат, мейли учуп кете берсин дечи. А силер таптаза болсун деп артынан кубалап баратасыңар. Чын ыкластан иштегенде гана ушундай болот" деди.
Дмитрий: Бизге дайым "бул бекер мээнет, жакында эле кайра ал жакка таштанды толот" дешет. Жыл сайын бир жээкти тазалаганы барам, бат эле булганарын жакшы билем.
Бирок биз болбосок, ким жасайт? Ушул бойдон калтырып коелу анда, ыпластыкка аралашып жашай берели. Бирок биз көчөлөр менен жээкти гана эмес, өз ойлорун да таза сактай турган муунду тарбиялоого тийиш экенибизди так билем.
— Дем алышын көлүбүзгө арнап, бүкүрөйө, кир, сасык таштандыга толгон жайда иштегендер ким?
Айжан: Ал жакка Кыргызстандын булуң-бурчунан — Бишкек, Нарын, Талас, Баткен, Оштон балдар барышты. Эч ким туулган жери боюнча бөлүнгөн жок, баары тегиз Ысык-Көл жалпыбыздын байлыгыбыз экендигин, аны сактап калуубуз абзелдигин түшүнүп турушту.
Дмитрий: Биз менен мектеп окуучулары да барууну каалашты, бирок биз аларды топко алуудан баш тарттык. Себеби, бизде жаш чеги бар, 18 жаштан жогоркуларын гана алабыз. Балдардын жоопкерчилигин алгандан чочулайбыз.
Бирок арабызда 65тен өйдө да ыктыярчылар, мүмкүнчүлүгү чектелген кыз да болду. Ары-бери жылыш ага кыйынчылык жаратса да, ал бизге аябай жардам берди. Бермет, сага рахмат!
Айжан: Таштанды ташталган жайда чачы узун, муруттары буралган башкача бир типтеги жигитти байкадым. Аябай кызык болду мага. Көрсө, Бишкекке сүйгөн кызынын колун сураганы келген түрк жигити экен. Кыз сунушун кабыл алып, бирок Ысык-Көлдү тазалоого ээрчите барыптыр.
Түрк жараны билек түрүнө иштеди. Анын сүрөтүн жарыялай коюп да, балээге калдык: уят эмеспи, таштандынын баарын Түркиядан келгендер көрүп жатпайбы деген ачуулуу пикирлерди жазышты.
— Мунун баарын каржылоого ким көмөк көрсөттү?
Айжан: Активисттер логотип түшүрүлгөн футболка кийип иштешсин, бул үчүн тамак-ашын камсыздап берели деген бир партия болду. Мындай кайыр-садаганын кереги жок бизге! Бул акция төлөнгөн бир иш-чара катары кабыл алынышын каалабайбыз.
Досторубузга, ар кандай ишканаларга кайрылдык. Ар ким колунан келген жардамын берди. Жергиликтүү бийлик бизди аябай колдоду, балдарга түнөк берди.
Жергиликтүү мектептерде жаратылышка кам көрүү боюнча окууларды уюштурдук. Облустук телеканал менен үйрөтүүчү берүүлөрдү чыгаруу боюнча сүйлөштүк. Бишкекте кинотеатр түйүндөрүндө социалдык роликтер көрсөтүлмөкчү.
— Роликтердин кандай зарылчылыгы бар? Баары эле көлгө таштанды таштабаш, баштык ыргытпаш керектигин билет да…
Айжан: Былтыр өз пансионатымдын жээгин тазалап жүрсөм, жанымдан бир бала чуркап өтүп, бөтөлкөнү сууга ыргытып жиберди. "Эмне кылганың бул?" деп таңыркасам, камырабастан: "Эже, эч коркпоңуз, көл өзүн тазалайт" деди.
Айрымдар негедир желимди жутуп, сиңирип алчудай көлдү агынды куюлчу чуңкур деп ойлошот, элестетсеңиз. Көлүбүздүн түбү додо целлофан баштык менен төшөлүп калган эбак, өзүн өзү эч кандай тазалай албайт!
Байыркы заманда кыргыздар көлгө кирерден мурун жуунуп, сыйынышчу экен. Азыр болсо жандыктарга да көл ичинде "өз ишин" кылганга уруксат берип жатабыз.
— Көл жээгинде таштанды үчүн ким айып салат?
Дмитрий: Мамэкотехинспекция отель жана пансионаттарга гана айып салат, эс алуучуларды жазалоого мүмкүнчүлүк кайдан болсун.
Айжан: Иш милицияга берилсе, аларды буга үйрөтө турган бирөө керек. Антпесе, ансыз да эс алуучулар маичилердин мыйзамсыз токтотконуна нааразы. Албетте, система сабаттуу түзүлгөн болсо, биз аны дайым колдомокпуз.
— Пансионат ээлерине боорум ооруйт, алар жээкке жергиликтүү тургундардын баарын киргизүүгө милдеттүү. Канчалык эл көп болсо, таштанды тазалоо ошончолук кымбат болору анык эмеспи.
Бул аябагандай кымбат турат, таштанды челектерди күнүнө төрт ирет төгөбүз! Таштанды ушунчалык көп чыгат.
Дмитрий: Өз эсебибизден деле ар бир жээкке таштанды челектерин коймокпуз бирок, жергиликтүү бийлик аны балансына албайт – чегере албайт. Аны тазалап, акыр-чикирди чыгарып туруш керек. Алардын техникасы аябай эскирген, тазаламак түгүл, жээкке жете албайт.
Мындай муниципалдык ишканаларда негизинен 40-50 жаштагы адамдар айына 3-4 миң сом маяна алып иштейт. Алар аз, ири жээкти тазалоого алар жетише да албайт.
Түштүк жээкте түзүлгөн тутум мага жагат. Коомдук жээктер жеке колго берилген, алар тосмо орнотуп, унаалардан акы алат (жергиликтүү тургундар акысыз киришет). Ал адамдар жээкти өздөрү жыйнайт, сезон маалында бир ирет жалпы тазалашат.
— Ысык-Көлдө дагы кандай экологиялык көйгөйлөр бар?
Айжан: Биринчи көйгөй – бул албетте, таштанды. Экинчиси – СССР убагында курулган пансионаттардагы арыктар жана агынды суу акчу түтүктөр. Ишкерлердин ал тутумдарды жаңыртууга каражаты жок. Анан да азыр көзөмөлдөөчү органдардын колуна конверт карматып, баары жайында деп ал жактагы көйгөйлөргө көз жуумп коюшун өтүнүшөт.
Уруксат берилбеген бир топ кафелер бар, алардын арыктары карага кетет дешет, а чындыгында көлгө агат. Үчүнчү – жашылдандыруу маселеси. Көптөгөн пансионаттар чычырканактарды кыйып жатышат, себеби, Балидегидей пальма, кум болсун дешет. Бирок бизде экотутум башка, бизге чычырканактын өскөнү пайдалуу, анткени, тамырлары менен кирди тазалайт!
Азыр баары кызыгып жаткан топпинг үчүн отуз жылдык дарактарды кыйганды токтоткула. Топпинг — бул ортосунан кесилип, жаңы бутактары тоголок формада чыккан, балдар жеген чупа-чупс калыбындагы бак.
Мындай дарактар бизге ылайык микроклимат жаратпайт. Жалбырактарды өрттөбөйлү, алар бак-даракка жакшы жер семирткич болуп берет!
Биз Бостери айылындагы таштанды ташталган жайга бардык. Кынтыксыз курулуптур. Үстү жабык, эл да пластигин өзүнчө, айнек, металл, кагазын өзүнчө бөлүп таштайт экен.
Сезон маалында 400 миң сомго желим, 60 миң сомго айнек чогулат. Азыр бул иш менен 5-6 киши гана алектенет. Сезон маалында таштандынын орточо көлөмү жарым миллион сом киреше алып келиши мүмкүн.
Өнүккөн өлкөлөрдө таштандынын 80 пайызы кайра иштетилет, акыр-чикир – бул да акча. Бир жыл мурун таштандыны Ысык-Көлдөн Бишкекке ташуу пайдасыз болсо, азыр алар буга да даяр.
Облустун өзүндө мамлекеттин жана бейөкмөт уюмдардын күчү менен таштанды кабыл алчу пункттар уюшулду. Бара-бара алардын тармагы кеңеет. Эмки кадам тургундарда.