БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Милиция полковнигинин өлүмү боюнча ишти караган Кара-Суу райондук соту Женго деген каймана аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадырбек Досоновду актады.
2013-жылдын январь айында Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылында ИИМдин Уюушкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймак бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын полковниги Толкунбек Шоноев өлтүрүлгөн.
Сот шектүүнү 6-июлда актады. Ал эми Башкы прокуратура Sputnik Кыргызстан агенттигине Кара-Суу райондук прокуратура чыккан өкүмдү изилдеп жатканын маалымдады.
"Прокуратура органдары тарабынан соттун чыгарган чечими иликтенип жатат. Анын жыйынтыгы чыккандан кийин чечим чыгарылат", — деп маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин соттор Досоновдун жетектөөсү менен ушул кылмышка барган деп айыпталган кишилерди өмүр бою эркинен ажыратып, мүлктөрүн конфискациялаган. Ошол эле учурда Сайдиев, А.Аскарбек уулу, Жапарбаев жана Молдошев 20 жылга эркинен ажыратылып, мүлктөрү алынган. Ал эми С.Айтбай уулу, Таджибаев жана Эсенов 10 жылга кесилип, мүлктөрү конфискацияланган.
Буга чейин Башкы прокуратура Досоновду адам өлтүрүүгө айыптаган иш тергелип бүткөнүн маалымдаган болчу.