БИШКЕК, 6-июн.— Sputnik. Кара-Суу районундагы жол кырсыгынан Жол кайгуул кызматынын инспектору менен анын жанындагы жүргүнчүсү каза болуп калды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине облустук милициядан кабарлашты.
Буга чейин ӨКМ Кара-Суунун Мады айылында жүк ташуучу Shacman автоунаасы менен кагышкан Daewoo Matiz оодарылып кетип, ичиндеги эки адам каза болгондугун билдирген.
"Ош облустук Жол кайгуул кызматынын инспектору Daewoo Matiz кызматтык унаасында жүргүнчү кыз менен келе жаткан. Кыз болжол менен 25 жаштын тегерегинде, ал эми рулдагы инспектор 28 жашта болгон", — деп айтышты милициядан.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар Daewoo Matiz ичинде каза болгон тейде кыпчылып калган эки жаранды чыгарып, сөөгүн райондук милицияга өткөрүп берген.
Учурда жүк ташуучу автоунаанын айдоочу кармалып, тергөө-иликтөө иштери башталды.