БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Дубайда жалаң кыз-келиндер үчүн иштей турган Тез жардам кызматы ачылат. Бул тууралуу РИА Новости Arabian Business басылмасына шилтеме кылып жазды.
Dubai launches pink ambulance for womenhttps://t.co/Gz47UhLSXB
— ArabianBusiness.com (@ArabianBusiness) 2 июля 2017 г.
Күлгүн өңдөгү автоунаа менен медиктер аялдарга, көбүнчө төрөт учурунда ымыркайларга жардам көрсөтө алат.
Маалыматка ылайык, кызмат жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки 11:00дөн 23:00гө чейин иштейт. Басылма медицина кызматкерлери боюнда бар жана жаңы төрөлгөн балдарга кызмат көрсөтүү үчүн атайын окуудан өткөндүгүн жазды.
Бригаданын курамына кыз-келиндер гана кире алат.