Кытайда кош бойлуу аял көчөдө жаан-чачын алдында көз жарды. Бул тууралуу CGTN басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аял 10 мүнөт ичинде эле бошонгон. Төрөт жакшы өтүп, учурда ымыркай ден соолугу чың.
Видеодо келиндин такси күтүп турганын, бирок автоунаа келген маалда анын толгоосу башталып калганы көрүнүп турат. Көчөдө өтүп бара жаткан адамдар тез эле жерге кийим-кече жайып аялды жаткыра салышкан. Окуя болгон учурда жаан жаап жаткандыктан бейтааныш адамдар кол чатыр тосуп жана кийимдери менен аялды калкалап турушкан.
Ошондой эле алар алгачкы жардам көргөзүп тез жардам кызматын чакырганга үлгүрүшкөн.