Айрым маалыматтарда түгөйлөрдүн сүйүү романы 2014-жылы мелодрама жанрындагы "Сүйүү сага окшош" сериалына тартылуу учурунда башталганы айтылат.
Түркиялык актер Бурак Өзчивит 31 жашта. Стамбулдагы Мармара университетинин кино, көркөм өнөр жана сүрөт факультетин аяктаган. Тасмага тартылуудан сырткары фотомодель болуп да иштейт. Ошондой эле дүйнөгө белгилүү сериалдардын бири болгон "Даңазалуу доор" тасмасында Малкочоглу Бали Бейдин ролун аткарган. Жубайы Фахрийе Эвжен дагы модель, актриса.
Эскерте кетсек, эки жылга созулган "Сокур сүйүү" түрк сериалы 22-июнда соңуна чыгып, башкы каарман Кемалдын өлүмү менен аяктаган. Муну тасманын күйөрмандары трагедия катары кабыл алып, социалдык тармакттарда "аза күтүүгө" чейин барышкан.