Чүй облусу менен Бишкектин айрым бөлүктөрүндө жарык өчөт. Тизме

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСвеча
Свеча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын ондон ашык көчөсүнө электр энергиясы берилбейт.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ишемби күнү Чүй облусу менен Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө жарык өчөт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июлда Бишкек шаарынын Көк-Жар, Красный строитель конуштары менен Тунгуч кичирайонунун айрым бөлүктөрүндө жана Сеченов, Маяковский, Щербаков, Элебесов көчөлөрүндө жарык жок болот.

Ошондой эле оңдоо иштерине байланыштуу Чүй облусунун Беловодское, Ак-Торпок айылдарынын кээ бир бөлүктөрүндө электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0