— Сиз азыр алып баруучу катары таанымалсыз. Телевидениенин босогосун жаңы аттаганда бир топ эле кыйынчылык тартсаңыз керек. Маселен практика, стажировка, анан барып жумушка кирүү дегендей?
— Канчалык колдоочуңуз болбосун сындагандар четтен чыгат да?
— Албетте мага нааразы болгондор кат жазып, сотко берген учурлар болгон. "Эфирди башыңарга кийип алдыңар беле, чыгып кеткиле" деген сөздөрдү укканбыз. Бир жолу эфирден "мамлекет эффективдүү менеджер эмес" деп айткам. Бул албетте коомдун пикири болчу. Эртеси бир айым даттанып, кат жөнөтүптүр. Бирок ошолордун болуп турганына рахмат. Алар болбосо дардаңдап кетмекпиз. Жакында эле Бексултан Жакиев агайдан "ай, сен көп сүйлөйсүң" деп сын уктум. Мен үчүн улуу инсандардын сыны жана кеңеши өтө чоң сыймык.
— Башка алып баруучулардан кандай артыкчылыктарым бар деп ойлойсуз? Айрым учурда тилдин универсалдуулугу да маанилүү эмеспи?
— Өзүм Жумгал районундагы Миң-Куш айылында төрөлгөм. Бирок үч жашымда Чүйгө көчүп келип, Воронцовкадагы жатак-мектепте окудум. Мен кыргыз мектепти, кыргыз тилдүү Манас университетин бүтүргөм. Бирок биринчи каналга келгенде эле орусча программаларга иштетип коюшкан. Анан көпчүлүктө кыргызча сүйлөп калсам "ай, сен кыргызча сүйлөйсүңбү?" деп таң калышчу. Анан продюсерим Көкүл Ариповага "эмне кылсаңыз дагы "Ой ордонун" кыргызча бөлүмүнө которуңуз" дегем. Түрк тилдүү иш-чараларды дагы алып барам. Бирок бул башка алып баруучулардан артыкчылыгым деп эч качан айтпайм. Анткени азыр тил үйрөнүү чоң деле маселе эмес.
— Кечелерди, чоң иш-чараларды алып барганда өнөктөш тандоо маселеси жаралат. Сизде бул жагы кандай?
— Азыр сиз алып барып жаткан "Ой ордо" программасы эс алууда экен. Эмне пландарыңыз бар?
— Адал эмгек менен кумурска сымал эмгектене берсең дөөлөт дагы ырыскы да өзү куралат. Дарак бир жерден көгөрөт деп коюшат эмеспи. Анан арыдан бери секирип, тигил каналдан экинчисине которула берсең баарын чаташтырып аласың деп ойлойм.
— Адамдар кээде ар тараптуу болушу үчүн түрдүү тармакта иштеп көрүшөт эмеспи?
— Бул сөзүңүзгө кошула албайм. Анткени бир эле учурда алып баруучу, психолог, ырчы, актер болуп жүргөндөр толук бир адис болуп жетүүлүүсү күмөн деп эсептейм.
— Сиз өзүңүздү кайсыл жагынан адис катары көргүңүз келет?
— Азыр алып баруучулукттун өтөсүнө чыгып алайын. Калганын дагы ойлонуштурам.
— Канчалык бир деңгээлде өзүңүздү ийгиликтүү мырзамын деп эсептейсизби?
— Жок. Мен жете турчу ийгиликтер али алдыда. Ийгилик багындырдым деп айткандай эч кандай мамлекеттик сыйлыктын ээси эмесмин. Же болбосо бир чоң көйгөйдү чечип жиберген жерим жок. Менин жасап жаткандарым кадимки жумуш процесстери.
— Тажрыйба топтоо иретинде кимдерди көрүп таасирленип, ишмердүүлүгүнө баа бересиз?
— Сизди Ургант менен Малаховго катуу таасирленет деп айтышат?
— Ооба туурайм, туурагым келет. Урганттын ар бир передачасын калтырбай көрөм. Иван Ургант, Владимир Познер, Ксения Собчак, Андрей Малахов — булар орус журналистикасынын өзөгү деп айта алам. Жаңы нерсени ойлоп табуунун кажети жок. Азыр жакшыга жанашыш керек.
— Сизге иш жаатында азыр эмне жетишпейт?
— Мага азыр билим, убакыт жана тандоо мүмкүнчүлүгү жетишпейт. Себеби бизде алып барүүчулар тажрыйбаны өстүрүп машыккандай иш-чаралардын жана программалардын саны аздык кылат. Мындай учурда баарына тандабай эле бара бересиң.
— Эфирден ойду топтой албай, суроо түгөнүп калганда кырдаалдан чыгуу үчүн кандай ыкмаларды колдоносуз?
— Ката кетирген учурларым көп эле. Менин суроом бүтүп калды, ал эми режиссер дагы он минута эфирди узартып койду. Илгери журналист Фил Донахью эртең мененки программаны алып барып жатып суроосу түгөнүп калганда эмне кыларын билбей "кимде кандай суроо бар" деп көрүүчөрдүн жардамын алыптыр. Мына ушинтип ток-шоу программасы пайда болгон экен. Мен да башкалардай эле ушул ыкманы колдоном.
— Алып баруучулуктан сырткары эмне кыласыз? Досторуңуздан Эркин жакшы ырдайт деп угуп калам…
— Ооба, жакындарымдын жакшылыктарында ырдап калам. Бирок ырчы болуп, клип тарттыруу оюмда жок. Өзүмдүн эле ишимди кылганым оң. Көлгө караганда айылга барганды жактырам. Убактым болгондо багажга коон-дарбыз жүктөп алып Беловодскиге барам. Ал жактагы балдардын баары мен барганда сүйүнөт. Аларга кошулуп алып керек болсо чана тебем. Апам "Эркин келгенде көчөдө майрам" деп калат. Себеби дарбазанын ачып, тапчанда отуруп алып өткөн-кеткендерди "кандайсыңар, келгиле, чай ичкиле" деп чакыра берем. Үйдөгүлөргө "дарбазаны эмнеге жабасыңар, кыргыздарда мындай деген жок" деп айтам. Мен керек болсо шаардагы квартирамдын эшигин жаппайм да. Анан жеңем апама "үйгө Эркин келгенде элге чай берип атып эле тажайбыз ээ" деп тамашалап айтыптыр. Ыраматылык атам ушундай киши болчу, мончо жакканда элдин баарына "ай баскыла" деп жарыя кылып чакырчу. Мен үйгө канчалык бут кирсе, ошончо кут кирерине ишенем.
Анан ыраматылык тайкем автокырсыктан каза болгондон кийин жарым жылдан соң келинчеги кайтыш болгон. Ошонун эки баласынын милдети, жоопкерчилиги менин мойнумда. Атасынын арбагы ыраазы болсо деген ойдомун. Улуусу үчүнчү, кичүүсү биринчи курста окушат.
— Сиз саясий, коомдук берүүлөрдү алып барып жатып тойлордо да кызмат кыласыз. Айрымдар мындайды туура көрбөйт экен.
— Эгерде жумуштагы айлыгым жетиштүү болсо, мен өзүмдү чектемекмин. Айлык деген азыр бирдиктен чыкпайт. Бул деген аргасыздык.
— Жашоодо жеке принциптериңиз барбы? Деги эле өзүңүз принципиалдуу мырзасызбы?