Белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова журналист Гүлдана Талантбековага иштеген ишинин илгеркисинен тарта үй-бүлөсүнө, үмүт арттырып эрк кошкон оорусуна чейин айтып берди.
— Айтсаңыз, Салтанат айым, учурда сиз коомчулуктагы орду салмактуу адамдардын бирисиз. Мени алгач ушундай инсанды тарбиялаган ата-эне кызыктырып турат?
— Үйдөн кыргызча сүйлөгүлө деген талап болсо, сиз ошондо орус мектепте окугансызбы?
— Фрунзеде төрөлүп, кыргыз мектепте окудум. Ошол кезде кыргыз мектептер көп болчу. Алардын көрүнүктүүсү эле №5 гимназия болчу. Инилерим ошол жактан билим алды. Мен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окудум.
— Музыкалык мектепти бүтсөңүз эмнеге алып баруучулукту тандап алдыңыз?
— Мурда ушул чөйрөгө жөн эле келип калдым деп ойлочумун. Көрсө, жөн эле бул дүйнөдө эч нерсе болбойт турбайбы. Атымды Салтанат койгондо эле ушундай той-топурларга, салтанаттарга аралаша турган адам деп маңдайыма жазып койсо керек. Анткени кичинекей кезимде ырдаганды жакшы көрчүмүн. Болгон мультфильмдердеги ырлардын баарын жатка билчүмүн. Мисалы, бир жакка баратканда мени магнитофондой күйгүзүп "Салтанат ырда" деп койсо токтобой беш-алты саат болсо деле ырдай берчүмүн. Мектепте окуп жүргөндө жогорку класстарда алып баруучу болгом. Бирок анда аябай уялып башын баштап, аягына чыгарбай качып кеткем (күлүп). Анан 11-классты бүтүп жатканда акыркы коңгуроодо алып баруучу болгонумда "сенин үнүң, дикцияң жакшы экен" дегендерге көңүл деле бурган эмесмин. Кийин радиого курбум чакырып ал жакка барып калдым. Алгачкы радиодогу тажрыйбам кыргыз радиосунда өттү. Кийин "Европа плюска" барганда ал жакка да жагып калдым. Барган жеримен өтүп кетип, жолдуу болуп жаттым.
— Учурда теле жаатында эмгектенип келесиз. Радиодон кетишиңизге эмне себеп болгон?
— "Акыл ордо" долбоорунун ачылганына бир топ болуп калды. Катышкан балдар тууралуу салыштыруу формасында айта кетсеңиз. Учурда алардын интеллектуалдык деңгээли кандай?
— Албетте, абдан жакшы өсүп, өнүгүү болуп жатат. Долбоордун биринчи программаларында балдар эптеп эле келип алышса, азыр чындыгында даярданып анан катышат. Өзгөчө элеттен келгендер башкача бир сезим, маанилүү иш жасай тургандай маанай менен келишет. Билимдүү жаштарды карап алып сүйүнөм.
— Келиңиз, эми той-топурда аркалаган алып баруучулук кызматыңыз тууралуу кеп кылалы. Алгачкы жолу тамадалыкка качан сунуш түштү эле, сиз кандай кабыл алгансыз?
— 2000-жылы өзүм курактуу жигиттин туулган күнү болчу. Алар байдын чалчаңдаган балдары эле. "Менин өздүк майрамымды алып барып бербейсиңби" десе, мен арданып "койчу, силер балчаңдап тамак жеп отурсаңар, мен болсо алдыңарга чыгып алып маскарапоз болоюнбу" деп өзүмдү аябай жаман сезгем. Ошентип ар кайсы себептерди айтып макул болбой койгом. Кийин бир тойго чакырышты. Ал жакта орус жигит кыргыз кызга үйлөнүп жаткандыктан эки тилде алып барыш керек болду. Жакшы артисттерди чакырып, жакшы маанайдагы, өзгөчө нуктагы той өткөн. Мага ошондо аябай жаккан. Ошол тойдогу коноктор кийинки жакшылыктарына чакырып жатып өзүнөн-өзү реклама болуп отуруп бул тармакка да кирип кеттим. Азыр тойлорду жакшы көрөм. Той деген бул ырыскы, жакшы маанай, жакшы тилектер, ак баталар. Тойду токтотуп коёбуз дегендер менен мен такыр макул эмесмин. Той сөзсүз болушу керек. Албетте, кандай кылып тойду берет ал ар бир адамдын өз чечими. Ага дагы бөгөт койбош керек деп ойлойм. Мен барпыратып өткөрөм десем өткөрө берем. Насыя аламбы, карыз аламбы ал менин ишим. Менин акчамды эсептегенге эч кимдин акысы жок. Эгер жупуну эле той берем десем, ал дагы менин ишим. Кайсы ресторанга, канча кишини чакырам бул менин маселем. Той деген миңдеген адамдарга жумуш берет. Гүл жасагандар, боорсок жасагандар, тамак жасагандар, күзөтчүлөр, казан-аяк жуугандын баары жумуш менен камсыз болуп жатпайбы. Бул жакшы нерсе.
— Сизди биздин редакцияга жолдошуңуз жеткирип келип, сылык узатканын көрдүм. Мындан улам жеке жашооңуз тууралуу сурайын деп турам.
— Өзүмдү абдан бактылуумун деп эсептейм. Анткени аябай сонун, керемет жолдошум бар. Мүнөзү токтоо, көп сүйлөбөгөн, бир мүнөз жигит. Илгери "ммм…ушул жигитти кармаш керек" экен деп телефонун өзүм биринчи сурап чалгам. Бул нерсени кыздарга деле айтып кетет элем. Кыздар эч качан күтүп отурбагыла, эгер жакшы жигитти көрсөңөр сөзсүз биринчи кадам жасаш керек. Анткени аракет кылбасаң, бакыт эч качан колуңа келип түшпөйт. Бакытты куш сыяктуу кармап алып багыш керек. Мен 27 жашымда турмушка чыктым, эки балабыз бар. Уулум атасына окшоп бир мүнөз, кызым болсо "апа мен дагы алып баруучу болом, жылдыз болом" деп азыртадан эңсейт. Тилегиң орундалсын, эң башкысы аман бол деп ичимен тилеп коём.
— Биз бул жакта тартынып отурсак, сиз биринчи кадам таштаганыңыз жакшы экен…
— Сиз менен бир жума мурун байланышканымда Түркияда дарыланып жүрөм деп калдыңыз. Мага чейин деле бул суроону берип жүрүшөт деңизчи. Бирок айтсаңыз, ооруңуз тууралуу алгач укканда кандай кабыл алгансыз?
— Биринчи укканда шок болуп, ыйлаган жокмун. Бардыгын жеңил кабыл алдым. Бул деле оору, жеңсе болот деп ойлодум. Азыр биздин замандаштар ракты укканда өзүн жаман абалда сезишет. Койчу, айтпачы деп угузуп айткандан да тартынат. Менимче, андан эч нерсе өзгөрбөйт. Тескерисинче жеңил кабыл алсаң жеңил эле өтүп кетет. Рак деген сөзсүз өлүм эмес. Мен бул оорудан коркпойм жана күрөшөм. Ооруну өзүңө, жеке мамилеңе да көз каранды. Ошон үчүн багынбаш керек. Кудай буюрса, беш жылдан бери ушул позиция менен келе жатам. Азыркы заманбап кылымда жаңы бир технологиянын, дарылардын жардамы менен дарыланып жатат. Тилекке каршы, биздин өлкөдө андайлар жок. Бирок биздин дарыгерлер билим, тажрыйба жагынан абдан мыкты. Эгерде керектүү аппараттар болсо ошол оорулар элүү пайызга азаймак деп ойлойм.
Менин жакындарым абдан жаман абалда болушту. Баары ыйлап, жаман болушту. "Апей силер эмне ыйлап жатасыңар, оорусам мен ооруп жатам" десем, "эми сиз күчтүүсүз да" дешти. Бирок менин жүргөнүмдү көрүп алар да жеңээриме ишенишет. Курбум дагы "ай, сен соп-соо эле чуркап жүрбөйсүңбү" деп калат.
Бул оору иммунитеттин азайып калганынан улам келип чыгат деп айтып жүрүшөт. Ошондуктан алтындар, замандаштар өзүңөрдү аягыла, жакшы баккыла, өзүңөргө жакшы мамиле жасагыла. Өзгөчө айымдар үйдүн жумушу, бала-бакыра деп отуруп өзүбүздү унутуп коёбуз.
— Алдыдагы пландарыңыз, ой-максаттарыңыз тууралуу айта кетсеңиз?
— Кимдир бирөө "кудайды күлдүргүң келсе, пландарыңды айтып бер" деп айтыптыр. Чындыгында планды биз түзөбүз. Бирок кудайдын ар бир адамга жасап койгон планы бар деп ойлойм. Меники айыксам, балдарым аман-эсен чоңойсо, уулум чоңойгондо үйлөнтсөм, кызымдын тоюн көрсөм, ата-энемдин бардык жакшылыктарына күбө болсом дейм. Кыйынчылык келгенде айланаңдагы адамдардын кимиси дос, кимиси душман экени билинет да. Ошол жакын адамдардын жанында болуп, жакшылыктарын бирге бөлүшсөм деген ойлор бар. Анан азыр чыга калып эле Эйфель мунарасын кура калам деген планым деле жок.
— Сизди реалист десем жаңылышпаймбы?
— Ооба мен романтик эмесмин. Жаш кезде баарыбыз эле "оо, мен Эверестке чыгам, айга учам" деген максаттарды алдыга коёбуз. Анан турмуш өзү эле бардыгын ырастап коёт экен.
— Окурмандарга эмне деп айткыңыз келет, кандай ойлоруңуз бар?
— Замандаштарга, эже-агайларга, кичинекей бөбөктөрүмө, бардыгына аманчылык каалайм. Мезгил өтүп жашың өйдөлөгөн сайын аманчылык баарын жеңээрин түшүнөт экенсиң. Бири-бириңерге кайрымдуу, күйүмдүү болуңуздар. Бардыгыбыз эле көр оокат деп тырышып жүрөбүз. Анын баары бир күндө келет да кетет. Ошонун баарына багынып кетпеш керек. Бардыгына дагы бир жолу аманчылык, ден-соолук жана бакубаттуулук каалайм. Сиздерди аябай жакшы көргөн, сагызгандай сайраган мен, Салтанат Саматова.