БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бир топ жылдан бери "маселеси" чечилбей келген "Ак-Кеме" мейманканасын кыргыз өкмөтү менчиктеп, эми ага "Мүлк" мамлекеттик ишканасы ээлик кылмай болду.
Бейшемби күнү таң эрте Мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлери милиция менен мейманканага келип, мекемени конфискациялай турганын айтышкан. Ошол эле учурда Кыргыз-Малайзия биргелешкен ишканасы (КМБИ) иштеткен "Ак-Кеме" мейманканасынын жетекчиси Руслан Сарымсаков аталган басып алууну мыйзамсыз деп эсептейт.
"Ак-Кеме" — өлкөдөгү ири мейманканалардын бири. Ал Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийинки алгачкы мейманкана комплекси болуп саналат. Бирок ал курулгандан бери эле багы ачылбай, иши соттук ызы-чуулар менен коштолуп келе жатат.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги чачышкан жипти чечмелеп көрүүгө аракет кылды.
Мейманкана качан курулган?
400 орунга ылайыкташкан төрт жылдыздуу мейманкана 1995-жылы курулган.
Аны ким курган жана канча каражат жумшалган?
1992-жылы Түркия Кыргызстанга бизнес-долбоорлор менен бирге инвестицияга 50 миллион доллар каражат бөлгөн.
Кийинки жылы тараптар келишимге кол коюп, "Ак-Кеме" ЖАКы жана Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret A.S. (Систем Мюхендислик) биргелешип "Ак-Кеме — Пинара" ишканасын түзүшкөн. Өнөктөштөр үлүштү тең экиге бөлүп алышат.
Ал эми мейманкананы куруу үчүн түрк насыясынан 8,7 миллион доллар кыргыз өкмөтүнүн жоопкерчилиги менен бөлүнгөн.
Талаш-тартыш эмнеден келип чыкты?
1998-жылы Жогорку арбитраждык сот "Ак-Кеме" жабык акционердик коомунун негиздөөчүлөрүнүн бирин банкрот абалында деп тапкан.
Буга байланыштуу 1999-жылы кыргыз өкмөтү мейманканага болгон толук укукту экинчи түптөөчү — "Систем Мюхендисликке" 12,7 миллион долларга саткан. Мындай жол менен түрк компаниясы мейманкананын жалгыз ээси болуп, аны "Пинара—Бишкек" деп атайт.
Өнөктөш эмне себептен банкрот болду?
Бул маселе азыркыга чейин талашта. Мейманкананын экс-жетекчиси Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен сүйлөшүп жатып, аталган уюмду атайын банкрот кылышкан деген пикирин айтты.
"Ак-Кеме" ЖАКына жеңилдиктер берилди беле?
Эмне үчүн ушуну менен окуя бүткөн жок?
Анткени 2005-жылкы "жоогазын" революциясынан кийин мекеменин кожоюну кокустан алмашып кеткен. Ошентип мейманкана Кыргыз-Малайзия биргелешкен ишканасына (КМБИ) өтүп кетет.
КМБИнин кандай тиешеси бар эле?
Бул суроого азыркыга чейин эч кимде жооп жок. 2005-жылы иликтөө иштери жүргүзүлбөй калгандыктан, мейманкана ээсинин алмашуусу канчалык мыйзамдуу экенине азыр баа берүү кыйын. Аталган ишкананын негиздөөчүсү — Руслан Сарымсаков.
Анын айтымында, 1996-1997-жылдары малайзиялык инвестор мейманкананы өнүктүрүүгө 2 миллион доллар салган, анда түрк компаниясы акча бөлбөгөн жөн гана подрядчик болчу. Бирок, ээси алмашкандан кийин малайзиялык инвестор четте калып калган.
Кожоюндун капысынан алмашканын мамлекет кандай кабыл алган?
Сот жаңы компанияны мейманкананын ээси деп тапкан. Муну менен катар өкмөт Кыргыз-Малайзия биргелешкен ишканасы менен объектинин жаңы жетекчилиги мамлекет алдындагы карызынан 2011-жылга чейин кутулары жөнүндө келишим түзгөн. Бирок Сарымсаков өз мойнуна мындай жоопкерчиликти албаганын айтат.
2011-жылы эмне болду эле?
Мейманкана карызын төлөбөгөндүктөн, Финансы министрлиги КМБИни сотко берген. Анда министрлик 10 миллион долларды кайтарып берүүнү талап кылган. Бишкектин райондор аралык соту мүлктү камакка алганы менен, андан жогорку инстанция мындай чечимди жокко чыгарган. Анткен менен кийинки жылда мүлктү кайра эле камакка алышкан.
Түрк компаниясы эмне болду эле?
Ишкана адал акчаны төлөгөнбү?
Жок. Анын ордуна Сарымсаков маселени чечүүнүн башка жолун сунуштайт. Ага ылайык, Эл аралык бейтарап соттун чечими менен түрк компаниясы Сарымсаковго төлөп бере турган 569 миллион сомду кыргыз өкмөтү талап кылмай болот. Бирок, мейманкананы камактан чыгарышы керек эле.
Өкмөт буга макул болобу?
Сарымсаков сунуштап жаткан акчанын суммасы кыргыз өкмөтү түрк компаниясына берүүгө милдеттүү болгон суммага барабар эле. Бирок аткаминерлер мындай келишимден баш тартышкан болчу. Жыйынтыгында карыз мамлекеттик казынадан төлөнүп, Кыргызстандын камакта турган акциялары 2016-жылдын 16-июлунда гана чыгарылды.
КМБИ карызын төлөдү беле?
Жыйынтыгында мамлекет 2016-жылдын 11-октябрында сот аткаруучулардын колу менен мейманкананы сатыкка коюп, баштапкы баа катары 956 миллион сомду белгилеген. Бирок аны эч ким сатып алгысы келген эмес. Басын түшүрүп, кайрадан "базарга" чыгаруунун дагы пайдасы тийген жок. Ушундан кийин объектини Финансы министрлигинин менчигине, андан соң "Мүлк" ишканасынын балансына өткөрүп беришкен.
Чекит коюлабы?
Эми мейманкананы өз менчигинде калтыруу же кайрадан сатыкка коюу чечимин мамлекет кабыл алыш керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Маммүлк фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков билдирди.
Ал эми мейманкананын экс-жетекчиси Руслан Сарымсаков мүлктү өзүнө кайтарып алуу үчүн эл аралык сотко кайрылаарын айтат.
Макалага ачык булактардын маалыматтары жана расмий өкүлдөрдүн пикирлери пайдаланылды.