Академик Отарбаевдин драматургиясы боюнча коюлган спектаклдердин сынагы өтөт

Жазылуу
Иш-чарага Отарбаевдин чыгармаларын сахналаштырган бардык театрлар катышмакчы.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кыргызстанда Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгынын лауреаты, көрүнүктүү жазуучу-драматург Рахымжан Отарбаевдин драматургиясынын негизинде коюлган спектаклдердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук драма театрынын адабий бөлүмүнүн жетекчиси Нуркыз Рыскул кызы билдирди.

Учур театрынын директору жана көркөм жетекчиси Шаршенбек Шейшенов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Радио
Шейшенов: "Учур" театрынын үнү өкмөткө жетпей койду
Маалыматка ылайык, иш-чарага Отарбаевдин чыгармаларын сахналаштырган бардык театрлар катышмакчы. Фестивалдын расмий ачылышы 21-июнь күнү саат 9.00дө Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында болот.

Сынакка аталган театр да катышып, эл назарына Эгемберди Бекболиев режиссерлук кылган "Тагдыр" жана Марат Козукеевдин "Моно Лиза" спектаклдери менен катышат. Эки чыгарма тең 23-июнь күнү сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0