БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Facebook социалдык тармагында унаа жууп иштеген жаш келиндин бир айлык ымыркайын кардарлар сооротуп жаткан видео чыкты.
"Унаа жуучу жай. Бишкек. Жашоо үчүн күрөш. Айдоочулар кезек-кезеги менен унаа жууп жаткан келиндин баласын карап турушат", — деп жазылган ал видеонун алдына.
Ролик интернет колдонуучулар арасында талкуу жаратып, келинге боору ачыгандар көбөйдү. Айрым колдонуучулар ага материалдык жардам көрсөтүүнү дагы сунуштады.
"Бул видеону 17-июнь күнү тартышыптыр. Кичүү баламды таштаганга киши жок, өзүм менен алып алгам. Мен унааны жууп жатканда балам ыйлап калып, кардарлардын бири аны соороткон. Ошол адамга ыраазычылыгымды билдирем. Бирок мындай көрүнүш бир гана жолу болду", — деди Махабат.
Жолдошу Элназар дагы 22 жашта. Жаш үй-бүлө унаа жуучу жайга жакын жерде жашайт. Ал эми жубайлар иштеп жатканда балдарды чоң энеси карап турат.