Аялдардын жыныстык жашоосу жана болочок балдар. Кыргызстандыктар ишенген 5 имиш

© AFP / YASUYOSHI CHIBAБонда бар аял. Архив
Бонда бар аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биздин дарыгер-колумнист Улугбек Жоомартовго медициналык аңыздардын бетин ачуу ушундай жагыптыр, токтоно албай дагы бир жаңы материал жаза салды. Ага көз жүгүртсөк, көп учурда катуу жаңыларыбызды аңдайбыз.

Ырым-жырымдарга дарыгерлер көнүп бүтүштү, ал эми интернет доору башталгандан тарта "кадимки сода (көмүр кычкыл натрийи) мите-курттан арылтат, тукумсуздук жана психоздон сакайтат" деген ыгы жок макалалардан сыя кургабай калгандан бери бизге – дарыгерлерге күн жок болуп калды.

Бул ирет негедир кыргызстандыктарды да ынандырган белгилүү беш имишти топтодум.

№1 имиш. Биологиялык атасы таптакыр башка болсо да, бала энесинин алгач кошулган эркегине окшошуп калат

Бул чындыкка дегеле коошпойт! Мындай жомокко бойго бүтүү кандай жүрөрүнөн эч түшүнүгү жок адамдар гана ишениши мүмкүн.

Телегония (ушундай пикирди кармангандар теориясы) тарапташтарынын оюнда жатынга түшүп калган гендин калдыгын бойго бүтүү маалында урук клеткасына шамал учуруп барат имиш.

Оорукана кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар көп ишенген медициналык 7 аңыз
Бирок биология илими аялдын организми ай сайын жатындагы нерселердин баарын тазалап турарын эчак эле далилдеген. Андан тышкары, аялдын урук клеткасына барчу жолдо эркектин жыныс клеткасы бөтөн бир ген материалын илип кетүү үчүн токтоп турбайт.

Шамдагай сперматозоид урук клеткасына түшкөндө ал коргоочу кабыкчага оролуп калат да ичине эч бир нерсе киргизбейт.

Менимче, бул имиш тарбиялык мааниде айтылып калган, анткени, кыздар кээде жыныстык катнашка өтө эрте бара баштайт. Он төрт жаштагы өспүрүмдүн гинекологиялык кароосуна катышканым бар.

"Качантан бери жыныстык катнашка барасың?" — деп гинеколог көзүнө тигилсе, "эки жыл болду" — деп жооп кайтарганда оозум ачылып калган.

№2 имиш. Эмдөөлөр балдар аутизми жана церебралдык шал дартына чалдыктырат!

Эч бир эмдөө балдардын аутизми жана БЦПга себеп болгон эмес! Балдарды эмнеден улам мындай дарттар тооруганын так себеби белгисиз, бирок буга эмдөөнүн таасири бар деген чындыкка эч коошпойт.

Маселен, балдар церебралдык шал дарты деген эмне? Бул – мээ кыртышынын кыймылдаткыч борборлорунун жетишерлик өрчүбөгөндүгү. Эгер илдет тереңдеп кетсе, баланын булчуңдарынын аракетин көзөмөлдөөгө алы келбей калат. Ал эми илдет маңдай жагында болсо, сүйлөө борбору жабыркайт.

Деятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жатында чирий баштаган түйүлдүк... Бишкектеги төрөтканадан репортаж
БЦПнын жаралыш себептери кош бойлуу кезинде же бойго бүтүп жатканда жаралган болушу мүмкүн, анда көйгөй атасынын же энесинин саламаттыгында болушу ыктымал. Айрым гана учурларда (болжол менен 10 пайызга жакын) көз жаргандан кийин өрчүйт. Бирок дартка эмдөөнүн эч кандай тиешеси жок.

Аутизмдин өрчүшүнө вакцина эч кандай таасир этпейт. Бул мифтин эбак эле бети ачылган. Азыркы тапта окумуштуулар аутизмдин анык себебин кош бойлуулук маалда кайсы бир микроэлементтердин жетишсиздигине байланыштырып келет.

Анда эмнеге энелер бала эмдөөдөн жабыркай турганына мынчалык ишенип алышкан? Балким, эмдөө маалында балада инфекция болуп, вакцинадан улам жанданып кеткендир. Баланын организминдеги коргоочу механизм ар убакыт чектен чыгып кетип, вирустун ордуна өз нерв тутумун жабыркатышы ыктымал.

Мындай көрүнүш чанда болсо да бар. Бирок балаңыздын кызылча дартынан же селеймеден ажал табуусун каалабасаңыз, жогорудагыларды себеп кылып, эмдөөдөн баш тартпаңыз!

№3 имиш. Эркектер аялдардан акылдуу

Люди с транспозицией органов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жүрөгү оң тарабында жайгашкан Шахнозанын үй-бүлөлүк очогу бузулду
Кыязы, бул аңызды өксүгү бар эркектер ойлоп тапса керек. Ушунчалык акылдуу аялдарды жолуктурдум жашоомдо, кээде өз акыл дараметимден ыңгайсыздана түшчүмүн, болбосо, өзүмдү макоо деп деле эсептебейм.

Эркектердин мээси аялзатыныкына караганда оор келет, бирок анын салмагы акыл парасатка эч таасир этпейт. Адамдын акылы мээ кобулунун тереңдиги жана мээ кыртышынын кырларынын татаалдыгынан көз каранды. Адамда ал сүрөт канчалык түшүнүксүз болсо, адам ошончолук акылдуу. Баса, мээни машыктыруу толук мүмкүн.

№4 имиш. Кымбат дары арзанынан мыкты

Ар кандай аталыштагы дары-дармек топтору бар, алардын курамындагы бир эле зат бардык ишти аткарат – ал дарынын кабыгында адатта майда тамгалар менен жазылат. Анын таасири бардык дарыда бирдей, бирок бири-биринен наркы боюнча бир топ айырмаланат.

Кымбат баадагы дары каражаттары колдонууга ыңгайлуураак. Маселен, сасык тумоодон сакайткан беш миң сомдук белгилүү таблеткалар күнүнө бир ирет ичилет, ал эми алардын аналогу 80 сом – ар бир тамактануудан кийин үч даанадан ичүү зарыл. Ошондо да бул дармектердин өзгөчөлүгү анчалык деле чоң эмес.

Айырмасы – чыгарган өлкөсү. Франция жана Россияда өндүрүлгөн бир эле дары эки башка баада, ал эми Россияда чыгарылганы капчыкка бап экендиги түшүнүктүү эмеспи.

№5 имиш. Дары-дармектин ордуна залалсыз чөп-чар ичем

Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан
Кан борборунун жетекчи орун басары: кандын төрт эмес, сегиз тобу бар
Мурдубуз бүткөндө демдеп калчу уу коргошунду алалы мисалга. Бирок бир ирет эле ченеминен ашып кетсе, дем түгөнүп, күтүүсүз ажал тооруйт. Жырткычтар бекеринен аны айланып өтүшпөйт.

Дагы бир сырды ачайын: ооруну дарылоодо чөптөр таптакыр пайдасыз. Алдын алуу же жалпы чыңдоочу каражат катары чөп тундурмаларын ичүүгө болот, бирок дарт өтүшүп кеткенде мурдатан көнгөн тоголок дары жана ийнелерден өтөрү жок.

"Кантип? Чөптөн жасалган дары-дармектер толтура го!" — деп кыйкырышы ыктымал окурман. Ооба, бар. Бирок алардын концентрациясы башка: окумуштуулар бир грамм дары алыш үчүн канча кило өсүмдүк зарыл экенин так билет.

Демек, чөп ичип же ичпей коюуңузду дарыгериңиз чечкени оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0