Жүрөгү оң тарабында жайгашкан Шахнозанын үй-бүлөлүк очогу бузулду

© Sputnik / Табылды КадырбековЛюди с транспозицией органов в Кыргызстане
Люди с транспозицией органов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шахноза Абдуманап кызы 16 жашка чыкканда сокур ичегисин алдырган. Операция учурунда дарыгерлер аябай таң калып, анын жүрөгү оң жакта жайгашканын аныкташкан.

Жалал-Абаддын тургуну Шахноза Абдуманап кызы катардагы балдардай эле чоңоюп, эч өзгөчөлөнгөн эмес. 

"Сокур ичегимди алдырганда дарыгерлер менин ички органдарымдын орду алмашып жайгашканын айтышты. Мисалы жүрөгүм сол жакта эмес, оң жакта экен", — деди ал.

Деятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жатында чирий баштаган түйүлдүк... Бишкектеги төрөтканадан репортаж
Шахноза башкалардан өзгөчөлөнүп турарын мурда байкаган эмес. Бирок турмушка чыгып, 19 жашында кош бойлуу болгондо гана жүрөгүнүн оң тарапта жайгашышы ден соолугуна таасир берерин сезген.

"Боюмда болгондон кийин колдорум жана эриндерим көгөрүп чыкчу. Тилекке каршы, түйүлдүктү алдырууга туура келди. Мындан улам жолдошум таштап кетти. Менин абалым аябай оор эле", — деп өткөн күндөрүн эстеди Шахноза.

Ошол кезде ал бир топ татаал операцияларды башынан өткөргөн.

Жүрөк кемтиги хирургиясынын бөлүм башчысы Самидин Шабыралиевдин айтымында, ички органдардын орун алмашып жайгашуусу ден соолукка бир топ терс таасир берет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖүрөк кемтиги хирургиясынын бөлүм башчысы Самидин Шабыралиевдин айтымында, жүрөгү оң тарабында жайгашкан кишилер кийин олуттуу ооруларга чалдыгат
Люди с транспозицией органов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк кемтиги хирургиясынын бөлүм башчысы Самидин Шабыралиевдин айтымында, жүрөгү оң тарабында жайгашкан кишилер кийин олуттуу ооруларга чалдыгат

"Бейтаптардын 90 пайызы декстрокардия — жүрөк кемтиги менен төрөлөт. Алардын сол жактагы ички органдары оң жакка, оң жактагылары сол жакка жайгашып калат. Андан сырткары, дени сак кишилердин боору оң тарабында болсо, булардыкы сол тарапта, ашказаны оң жакта жайгашат", — деди ал.

Азыр Шахнозанын ден соолугу жакшы. Учурда ал турмушка чыгуу боюнча ойлоно элек, кийин медайым болуп иштеп кишилерге жардам бергиси келет.

© Sputnik / Табылды КадырбековНаркоздон жаңы эле ойгонгон кичинекей Даниэль чырдап жатат. Ага олуттуу операция жасалышы керек
Наркоздон жаңы эле ойгонгон кичинекей Даниэль чырдап жатат. Ага олуттуу операция жасалышы керек - Sputnik Кыргызстан
1/3
Наркоздон жаңы эле ойгонгон кичинекей Даниэль чырдап жатат. Ага олуттуу операция жасалышы керек
© Sputnik / Табылды КадырбековПятилетный Даниэль из села Беловодское, у которого редкий вариант биологически нормальной анатомии, в котором основные внутренние органы имеют зеркальное расположение по сравнению с обычным нормальным положением
Даниэлдин чоң атасынын айтымында, небереси жүрөк кемтиги менен ооруганына карабай кадимкидей эле ойноп жүрөт - Sputnik Кыргызстан
2/3
Пятилетный Даниэль из села Беловодское, у которого редкий вариант биологически нормальной анатомии, в котором основные внутренние органы имеют зеркальное расположение по сравнению с обычным нормальным положением
© Sputnik / Табылды КадырбековПятилетный Даниэль с дедушкой из села Беловодское, у которого редкий вариант биологически нормальной анатомии, в котором основные внутренние органы имеют зеркальное расположение по сравнению с обычным нормальным положением
Анын жүрөгү сол тарабында эмес, оң тарабында жайгашканын дарыгерлер төрөт үйүнөн эле айтышкан - Sputnik Кыргызстан
3/3
Пятилетный Даниэль с дедушкой из села Беловодское, у которого редкий вариант биологически нормальной анатомии, в котором основные внутренние органы имеют зеркальное расположение по сравнению с обычным нормальным положением
1/3
Наркоздон жаңы эле ойгонгон кичинекей Даниэль чырдап жатат. Ага олуттуу операция жасалышы керек
2/3
Пятилетный Даниэль из села Беловодское, у которого редкий вариант биологически нормальной анатомии, в котором основные внутренние органы имеют зеркальное расположение по сравнению с обычным нормальным положением
3/3
Пятилетный Даниэль с дедушкой из села Беловодское, у которого редкий вариант биологически нормальной анатомии, в котором основные внутренние органы имеют зеркальное расположение по сравнению с обычным нормальным положением

Беловодское айылынын 5 жаштагы тургуну Даниэлдин да жүрөгү оң тарабында жайгашкан. Ага олуттуу операция жасалышы керек. Бирок анын чоң атасы Байгазы Аламанов небересине медициналык процедура үчүн наркоз сайышканын, уйкудан жаңы ойгонгондуктан чырдап жатканын айтты.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жатын моюнчасынын рагы тымызын жайлайбы? Аты жаман оору тууралуу эки ооз кеп
"Неберем ак көңүл. Башка балдардан айырмаланбайт деле. Төрөлгөндө эле дарыгерлер жүрөгү оң тарапта экенин айтышкан. Биз аябай коркконбуз. Дмигет деп да эскертишкен. Азырынча андай нерселерин байкай элекпиз", — деди Аламанов.

Хирург Самидин Шабыралиев кичинекей Даниэлге оор операция жасаларын айтып, төрт кемтикти бир операция менен калыбына келтирүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0