Кыргызстандыктар көп ишенген медициналык 7 аңыз

© Sputnik / Табылды КадырбековОорукана кызматкерлери. Архив
Оорукана кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Рак илдетин айыктыра турган дары табылды", "Эгер бул дарыны күн сайын калтырбай ичсеңиз куландан соо болосуз"… Мындай жарнамаларга кулагыбыз деле, көзүбүз деле көнүп калган. Биздин колумнист Улугбек Жоомартов жарнамаларга ишенүү керекпи же жокпу деген суроолорго жооп издеп көрдү.

Ооруп калганда айыгуунун жолун эч убакта интернеттен издебегиле! Адиске гана кайрылуу керек. Азыр жакшы дасыккан дарыгерлерди табуу кыйын. Ошентсе да оорудан кантип арылууну интернеттен издегенче дарыгерге кайрылуу ишенимдүү болот. 

1-миф: ракты айыктыруучу сырдуу жемиш

Дарыгер-педиатр Айнура Аманбаева - Sputnik Кыргызстан
Педиатр Аманбаева: баланын шилекейи тамак жегиси келгенде агат
Жакында эле интернетте дарыгерлер эч кимге айтпай катып жүргөн жемиш тууралуу маалыматтар чыкты. Интернетте отурган "доктурлардын" айтымында, ал рак клеткаларын өлтүрүп, адамды куландан соо кылып айыктырып салат имиш. Ошол эле учурда адамга анын эч кандай зыяны тийбейт экен. Бул сырдуу өсүмдүктүн аты — гуанабана. Көптөгөн сайттар бул жемишти дүйнөнүн каалаган жерине жеткирип беребиз деп ишендирүүдө.

Достор, кичине башты иштетеличи! Бул жемиш кайда өсөт? Латын Америкасындабы? Анда эмне үчүн бул мамлекеттерде дагы онкологиялык ооруга чалдыккандар четтен кездешет?

Онкологиялык ооруларды жемиш менен дарылайт дегенди уккан эмесмин. Андыктан кандай гана оору болбосун адиске кайрылуу керек. 

2-миф: бал кошулган суу мите-курттан арылтат

Интернет-кеңешчилер 30 пайыздык бал эритмеси курамы боюнча кандын плазмасына окшош экенин айтышат. Анан калса, мите-курттун баары сары түстү "жактырбагандыктан" аны көтөрө албай өлүп калышат. Бал кошулган суу арыктаганга да жардам берет деген кеңештер интернетте жайнайт.

Мындай кеңеш бергендер плазма деген эмне экенин билет болду бекен? Негизи плазманын курамында альбумин, глобулин жана фибриноген болот. Буга балдын кандай тиешеси бар?

Пластический хирург Султан Тукешов - Sputnik Кыргызстан
Пластикалык хирург: сурма чыгарам деп көзүн ийне менен тытып алган кыздар толтура
Ичегидеги курттарды бал менен тазалоонун өзү шек жаратат. Анан калса, бал ичеги-карын ооруларынын өнөкөт түрүнө терс таасирин тийгизет. Балды ашыкча жесе ал гастрит менен аллергияга алып келет.

Ал эми бал менен арыктоо сунушу тууралуу айтсак, балда торттогудай эле углевод көп. Эгер тортту такай жей турган болсоңуз канча килограммга арыктарыңызды элестетип көрүңүзчү?

3-миф: койдун майы жүздөгөн ооруга шыпаа берет

Койдун майы кыргыз элинин элдик дарылоо ыкмасы. Аны суук тийгенде, бөйрөккө таш толгондо, ууланганда жана башкаларга колдонушат.

Эреже боюнча койдун майын колдонор алдында жакшылап эритиш керек. Анын таасири тууралуу айта турган болсок, ал жылытуучу майдай эле жыйынтык берет. Демек, аны муун ооруларына колдонсо болот. Ошондой эле эрителген кой майы менен далыга массаж жасаса анын оорусун басаңдатат. Эгер ич ооруса майды саат жебесинин кыймылындай кылып сүйкөсө жардам берип, ич бир аз жеңилдеп, адам өзүн жакшы сезип калат.

Ошол эле учурда май терс таасир бериши мүмкүн. Эгер териде инфекциялуу жара же оору болсо майды колдонууга таптакыр болбойт! Ириңдеп кеткен жерге май сүйкөөгө да тыюу салынат. Май менен массаж кылып жатканда дененин соо жерине да инфекцияларды жуктуруп алуу коркунучу жогору.

4-миф. Эгер суук тийсе, көп тамак ичпей турганыңыз жакшы

Тамакты сиңирүүгө көп энергия кетет. Ага корогон энергия оору менен күрөшүү үчүн керек. Андыктан ангина же сасык тумоого чалдыкканда тамактан баш тарта туруу зарыл.

Ооруган учурда организмде уулануу жүрөт. Токсиндер адамдын денесинде "тыгылып калып", ал кийин чоң көйгөй жаратышы мүмкүн. Андай болбошу үчүн ооруган адам суюктукту көп ичүүсү керек. Суюктукту ичпей коюу, андан баш тартуу такыр туура эмес.

Медицина илимдеринин доктору, уролог-андролог жана сексопатолог Жаныбек Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Сексопатолог Мамбетов: эркекти кызга айланткан жылдары катуу сынга кабылдык
Эми тамак тууралуу айтсак. Иммундук система менен тамакты сиңирүүгө корогон энергиянын ортосунда байланыш, албетте, бар. Бирок адам жөн гана уктап жатканда деле энергия коротот. 

Ооруган учурда суюк тамактарды ичүү керек. Мисалы, манты жегендин ордуна тоок сорпосун ичсеңиз ден соолук үчүн пайдалуу болот. Андыктан ооруп жаткан учурда тамактан баш тартуу туура эмес.

5-миф: сарымсак кошулган сүт геморройду айыктырат

Интернетте отурган "дарыгерлер" эгер сарымсакты сүткө салып кайнатып, ал муздагандан кийин бир канча күн ичсе геморрой сен көр, мен көр жок болорун айтышат. 

Сарымсактын пайдалуулугу мындан бир канча кылым мурда эле белгилүү болчу. Ал вирустук ооруларга миңдин бири. Ошол эле учурда иммундик системаны чыңдоочу мыкты каражат. Бирок геморройду хирургиялык жол менен гана дарылоого мүмкүн. Бул дарттан арылыш үчүн жашоо образын өзгөртүү керек. Сиз канчалык көп кыймылдабай отурган сайын оорулардын келип чыгүү себеби жана мүмкүнчүлүгү ошончо чоң.

6-миф: калемпир тундурмасы "түшүп калган" чачты калыбына келтирет

Билермандар чач түшүп жаткан жерге калемпирдин тундурмасын сүйкөө керектигин айтышат. Алар кан айланууну жакшырып, чачтын кайтадан өсүп чыгуусун шарттайт.

Медицина илимдеринин доктору, академик, дүйнөлүк ортопедияга салымы зор профессор Сабырбек Жумабековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Сабырбек Жумабеков: жигитине жагыш үчүн боюн узарткан кыздар бар
Чачтын түшүшү же таз болууга генетикалык же башка факторлор таасир тийгизет. Эгер баштын терисине калемпир тундурмасан же сарымсак сүйкөсө ал жерде кандын айлануусу жакшырары турган иш. Мындай ыкма менен эрте таз болуп калуунун алдын алса болот. Бирок баары бир даяр косметикалык каражаттарды сатып алып колдонгон оң. Себеби, өз алдынча даярдаган тундурмада калемпир көп болуп калышы толук ыктымал. Калемпирдин курамындагы эфир майы терини күйгүзүп салышы мүмкүн.

Эгер чачтын тамыры толук түшүп калган болсо, таз болуудан эч бир каражат сактай албайт. Болгону чачты которуштуруу керек.

7-миф: укмуштуу корсетти кийип алсаңыз эле арыктайсыз

Латекстен жасалган корсеттерди ашыкча салмактан арылууга сонун жардам берерин айтып, аны жарнамалап келишет. Корсетти кийип жүргөндө дене тердеп, ашыкча майларды эритип салат. Тер менен кошо дененин салаңдап турган жериндеги токсиндер менен майлар чыгып, дене жакшы формага келип калары айтылат.

Эгер адамдын анатомиясына кайрыла турган болсок, адамдын майы теринин эле алдында жайгашкан эмес. Майга жетүү үчүн клетчатка жана чарымдар бар. Корсет болгону клетчаткада топтолгон майды гана "эрите" алат.

Андыктан мындай корсеттерди сатып алууда жети өлчөп бир кескен туура.

Жаңылыктар түрмөгү
0