БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Американын Пенсильвания штатынын жашоочусу өспүрүм кызына арак ичүүгө уруксат бергени үчүн төрт жылга эркинен ажыратылды. Бул туурасында РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме кылып билдирди.
Полициянын билдиргенине караганда, ата-энеси кызынын 13 жашка чыкканынын урматына арак сатып келген. Кыз 17 стаканды ичкенден кийин ооруканага түшкөн.
Агенттиктин билдиргенине караганда, полиция кыз эсин жоготуп жыгылгандан кийин келип, окуянын чоо-жайын аныктаган. Тартип сакчыларын көргөн ата-энеси качып жок болгон.
Күнөө тагылып жаткан Чарльз Янгер кызынын өмүрүн коркунучка кептегендигин мойнуна алып, сотто ал бар байлыгы балдары экендигин айткан.
Кыздын энеси Мишель Эдвардс бул окуяга анын да күнөөсү бардыгын моюндап, өткөн аптада 1 жыл 11 айга камалган.