Тарых музейиндеги мумия, БГУ жатаканасындагы чаңырык... Бишкектин имиштери

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМузейдеги экспонат. Архив
Музейдеги экспонат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир шаарда таң калычтуу же акылга сыйбаган көрүнүштөр болуп турчу табышмактуу жайлар болот эмеспи. Бишкекте дагы андай жерлер бар экени айтылып жүрөт. Шаардыктар арасында атактуулардын арбактары калып калган театрлар, көрүстөндүн үстүнө салынган имараттар жана Тарых музейиндеги мумия тууралуу имиштер бар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бүгүн мистикалуу делген жерлерди тизмектеп чыкты.

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы мамлекеттик тарых музейи
Центральная площадь Ала-Тоо в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик тарых музейи

Каарын төккөн мумия

Тарых музейиндеги аял кишинин мумиясын көрсөңүз керек. Имиштерге караганда, качандыр бир кезде музейдин кароолчуларынын бири аны сыртка алып чыгып, сөөгүн жерге берем деп убада кылганы айтылат. Бирок сөзүнө турган эмес. Ачууланган мумия азыр шаар тургундарына каарын төгүп жаткан имиш. Атургай калаада болуп жаткан кырсыктарды дагы аны менен байланыштырышат.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин Жибек-Жолу жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги бузулган үй
Разрушенный дом на пересечении улиц Жибек-Жолу – Турусбеков в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин Жибек-Жолу жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги бузулган үй

Эч кимге буюрбаган үй

Бишкектин Жибек-Жолу – Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде бир топ жылдар бою чала курулган, үч кабаттуу үй турчу. Аны тегеректегилер "цыгандын үйү" деп коюшчу. Интернет колдонуучуларынын арасында жүргөн кептерге караганда, үйдү 2000-жылдардын башында цыган улутундагы адам сала баштаган. Кийин айтылгандай, үйдүн ээсин бирөөлөр үй-бүлөсү менен кошо өлтүрүп кетишкен экен. Үйдү сатып алган адамдар усталарды алып келип, курулуш иштери башталары менен жумушчулар "мында жин-шайтандар бар" деп качып кетишчү экен. Багы ачылбаган турак колдон-колго өтүп жүрүп, эки жыл мурда бузулган. Азыр ордунда жардырып ийген немедей болуп урандысы гана жатат.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек гуманитардык университетинин 7-кичи райондогу жатаканасы
Общежитие Бишкекского Гуманитарного Университета в 7-микрорайоне Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкек гуманитардык университетинин 7-кичи райондогу жатаканасы

БГУнун жатаканасында "ыйлаган кыздар"

Бишкек гуманитардык универститетинин жатаканасында жашаган студенттер арасында жол кырсыгынан каза болгон студент кыздардын арбагы тууралуу кептер бар. Колхоздун жумушуна бара жатып, унаа кырсыгынан көз жумган кыздардын сөөктөрүн дал ушул жатаканага алып келип, ата-энеси ошол жерден алып кеткен деген кепке ишенип алган студенттер алардын үндөрү түн ичинде угуларын айтышат.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги "Ысык-Көл" кинотеатрынын имараты
Здание кинотеатра Иссык-Куль в Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги "Ысык-Көл" кинотеатрынын имараты

Багы ачылбаган теартдын ордуна мечит салынды

Бишкектеги мистикалуу жерлер тууралуу сөз болгондо эле биринчи кезекте эл оозуна "Ысык-Көл" кинотеатры келет. Ал курулгандан бери шаардагы башка маданий борборлордой болуп жарытылуу иштеген эмес. Маалыматтарга караганда, шаар бийлиги тарабынан 1950-жылдардан кийин ал жердеги мүрзөлөрдү сүрдүрүп, ордуна кинотеатр салуу чечими кабыл алынган. Тегерегиндеги жашоочулардын айтымында, кийин деле театрдын жанында ойноп жүргөн тестиер балдар адамдын сөөктөрүн таап алган учурлар болгон. Ал эми кароолчулар имараттын ичинде адам жок кезде кара кийимчен сөлөкөттөр бушайман болгон кишиче ары-бери уруна берерин айтышкан. Учурда театрдын аймагына борбордук жаңы мечиттин имараты курулуп жатат.

© Sputnik / Табылды КадырбековМихаил Фрунзе атындагы музей
Музей Михаила Фрунзе. 2015 г. - Sputnik Кыргызстан
Михаил Фрунзе атындагы музей

Музейдеги көрүнчү

Кызыл армиянын эң көрүнүктүү кол башчыларынын бири Михаил Фрунзенин үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон үйдү курчап салынган музейде дагы көрүнчүлөр бар экени айтылат. Музейдин Валентина аттуу кызматкери мындан бир нече жыл мурда жергиликтүү ЖМКларга айтып бергенине караганда, мында көзгө көрүнбөгөнү менен аскер адамынын образын элестеткен көрүнчү жашайт. Анын айтымында, музейдин ичи тынч кезде бирөөнүн салтанаттуу иш-чарадагыдай аскердик кадамдар менен ары-бери басып жүргөнү угулат имиш.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Кыргыз улуттук драма театрынын имараты
Здание Кыргызского Национального драматического театра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Кыргыз улуттук драма театрынын имараты

Кырдрамдын шаңдуу "кожоюндары"

Кыргыз драма театрында кандай гана таланттуулар иштеген эмес. Кыргыз искусствосуна опол тоодой салым кошкон корифейлер жүргөн жердин касиети бар экени талашсыз болсо керек. Театрдын атын атагысы келбеген кызматкеринин айтымында, имаратта киши жок кезде кимдир бирөө кыңылдап ырдап, басып жүргөндөй сезилет. Ошондой эле бир нече адам казанды тегеректеп, эт бышырып жаткандай үндөр угулат.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызфильм" киностудиясынын имараты
Здание киностудии Кыргызфильм в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызфильм" киностудиясынын имараты

Киностудиядагы каткырык

Кыргызфильм киностудиясында көрүнчүлөрдүн "өнөрү" түнкү саат 12ден кийин башталары айтылат. Өзгөчө имараттын үчүнчү кабатында кимдир-бирөөлөрдүн каткырыгы тынбайт дешет.

© Sputnik / Бегимай БакашеваМурдагы "Тропикана" кафесинин имараты
Здание бывшего кафе Тропикана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы "Тропикана" кафесинин имараты

Кашык учкан "Тропикана" кафеси

Шаардагы 5-кичи райондо бир нече жыл бою "Тропикана" аттуу кафе иштеген. Азыр анын имаратында башка тамактануу жайы ачылыптыр. Ошол кезде кафеге кароолчу болуп иштеген Азиз аттуу жигиттин айтымында, аны түн ичинде кайтарган кызматкерлер коркконунан бир бөлмөгө чогулуп, элект жарыгын өчүрбөй укташчу экен. Кароолчулардын жүрөк үшүн залдын ичинен ары-бери учкан кашыктар алыптыр.

Жаңылыктар түрмөгү
0