БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. АКШнын Нью-Жерси шаарында телефонуна алаксып келе жаткан 60 жаштагы аял кудуктун ачык турганын байкабай ага түшүп кеткенин CBS New York агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.
Жергиликтүү полициянын берген маалыматы боюнча кудуктун тереңдиги эки метрге жеткен. Аялдын уулу энеси кант диабети менен жабыркаарын, мындан улам көрүүсү начар экенин билдирди.
"Апам дайыма тамактануу убактысын жана канттын деңгээлин текшерип турат. Көчөдөн кетип баратканда жүрөгү айлана баштаптыр. Телефонун алып чыгып, саатты карап баратып кудукка түшүп кеткен экен", — деди ал.
Жабырлануучу аял ооруканага оор абалда жеткирилген, учурда абалы туруктуу деп бааланууда.