Диснейлендде иштеген Сухраб: жумуш табуу үчүн Парижди эки айлангам

© AFP / THOMAS SAMSONПариждеги Диснейленд оюн-зоок паркы. Архив
Париждеги Диснейленд оюн-зоок паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караколдо туулуп Бишкекте чоңойгон Сухраб Якубов мектепти бүтөөрү менен Францияга кеткен. 21 жаштагы Сухраб учурда Париж шаарында Диснейленд оюн-зоок паркындагы ресторандардын биринде администратор болуп иштейт.

Ошол эле учурда ишкердик багытында билим алууда. Ал иштеген ресторан Сухрабдын 4000 евролук окуу акчасын төлөп, өзүнө ай сайын 900 евро маяна чыгарып берет.

Караколдун кулуну кантип Францияга барып калганы жана балалык кыялдарына жетүү үчүн канчалык тер төгүп эмгектенгени туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков сурап билди.

© Фото / Урмат ОсмоналиевСухраб Якубов мейманкана жана ресторан башкаруу бизнеси боюнча альтернанс системасы менен окуйт. Мындай система студенттин эки жума окуп, эки жума иштөөсүнө шарт түзөт
Кыргызстанец Сухраб Якубов, работающий в парке развлечений Диснейленд в Париже - Sputnik Кыргызстан
Сухраб Якубов мейманкана жана ресторан башкаруу бизнеси боюнча альтернанс системасы менен окуйт. Мындай система студенттин эки жума окуп, эки жума иштөөсүнө шарт түзөт

— Бир эле убакта окууга да, иштөөгө да кантип жетишип жатасыз?

Кытайдын Иньчуань шаарындагы эл аралык КАРВАР клиникасында котормочу жана директордун жардамчысы болуп эмгектенген Динара Ибраимова - Sputnik Кыргызстан
Кытайдагы клиниканын котормочусу Динара: бети түрүлүп жаткан кишиден аябай коркком
— Мен мейманкана жана ресторан башкаруу бизнеси боюнча альтернанс системасы менен окуйм. Мындай система студенттин эки жума окуп, эки жума иштөөсүнө шарт түзөт. Ал үчүн иш берүүчү тарапты өзүң издеп табышың керек. Анан ал ишкана университет менен келишим түзүп окуу акысын төлөп, ошол эле учурда маяна чыгарып берет. Бирок буга жетүү да оңой эмес экенин билүү керек. Бул система менин билгениме караганда, Англия, Франция жана Германияда бар.

— Демек, окууга кирүү үчүн алгач иш берүүчү тарапты табыш керек экен да?

— Ооба. Алгач барганда жети ай француз тилин үйрөнүү үчүн курстарга барып, ага кошо ар кандай жумуштарда иштеп жүрдүм. Ошол эле убакта окуу жай менен келишим түзө турган ишканаларды издеп жаттым. Резюмемди кагазга чыгарып алып Парижди эки жолу айланып мекеме-ишканаларга резюмемди таратып келгем. Алардан маектешүүгө чакыруулар көп болгону менен натыйжа болбой жатты. Мындан улам интернеттен маектешүүгө барганда кандай кийинип, өзүңдү кантип алып жүрүү боюнча видеолорду көрүп сабак алдым. Арадан бир ай өткөндөн кийин Диснейленддеги ресторандардын биринен жооп келди. Ошентип 2015-жылдын 1-сентябрында окуум да, жумушум да башталды. Алгач официант болуп кирип бир жылдан кийин администраторлукка көтөрүлдүм.

© Фото / Урмат ОсмоналиевСухраб Якубов: Гид болуп иштеп 50 евро тапсам, кардарлар да 50-70 евро "ыраазычылык" таштап кетишчү. Бирок мага акчадан да тажрыйба топтоо маанилүү эле
Сухраб Якубов: Гид болуп иштеп 50 евро тапсам, кардарлар да 50-70 евро ыраазычылык таштап кетишчү. Бирок мага акчадан да тажрыйба топтоо маанилүү эле - Sputnik Кыргызстан
1/3
Сухраб Якубов: Гид болуп иштеп 50 евро тапсам, кардарлар да 50-70 евро "ыраазычылык" таштап кетишчү. Бирок мага акчадан да тажрыйба топтоо маанилүү эле
© Фото / Урмат ОсмоналиевАл 900 евро айлык алат. Мындан сырткары компания анын 4000 евролук окуу акысын төлөп берет
Ал 900 евро айлык алат. Мындан сырткары компания анын 4000 евролук окуу акысын төлөп берет - Sputnik Кыргызстан
2/3
Ал 900 евро айлык алат. Мындан сырткары компания анын 4000 евролук окуу акысын төлөп берет
© Фото / Урмат ОсмоналиевАнын келечектеги кыялдарынын бири — Гордон Рамзи сыяктуу мыкты ресторатор болуу
Анын келечектеги кыялдарынын бири — Гордон Рамзи сыяктуу мыкты ресторатор болуу - Sputnik Кыргызстан
3/3
Анын келечектеги кыялдарынын бири — Гордон Рамзи сыяктуу мыкты ресторатор болуу
1/3
Сухраб Якубов: Гид болуп иштеп 50 евро тапсам, кардарлар да 50-70 евро "ыраазычылык" таштап кетишчү. Бирок мага акчадан да тажрыйба топтоо маанилүү эле
2/3
Ал 900 евро айлык алат. Мындан сырткары компания анын 4000 евролук окуу акысын төлөп берет
3/3
Анын келечектеги кыялдарынын бири — Гордон Рамзи сыяктуу мыкты ресторатор болуу

— Парижге ким аркылуу барып калдыңыз?

— Бир тууган агам Франциянын легионунда беш жыл кызмат өтөгөн. Азыр Парижде ушул тармакта иштейт. Мектепти бүтөрүм менен ал мага Парижге келип окууну сунуштады. Чынын айтсам, ошондо биринчи жолу учакка түшкөн элем (күлүп). Мурда Россия, Казакстан, Украинага автоунаа же поезд менен барчу элек.

— Окууга киргенге чейин кайсы тармактарда иштеп жүрдүңүз?

Twitter компаниясында иштеген Наргиза Абдубалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Twitter компаниясында иштеген Наргиза ийгилик сыры менен бөлүштү
— Ошончо баргандан кийин ата-энем менен агамдан акча сурап отуруп алыштан уялып, өзүмө жумуш караштыра баштадым. Анан ижарага батир берген компаниядан жумуш таба алдым. Кызматым алар айткан үйлөргө барып ичин иретке келтирип, тазалап кардарларды тосуп алуу болгон. Кийинчерээк ал жерден чыгып Парижди segway менен кыдыра турган гид болуп иштеп калдым. Бул менин кызыккан жумушум болчу. Жакшы жери көп адамдар менен пикир алышап, ага кошо француз жана англис тилдерин өздөштүрүүгө жакшы шарт түзүлгөн. Мындан күнүнө 50 евро тапсам, кардарлар да 50-70 евро "ыраазычылык" таштап кетишчү. Кээде күн бою иштеп бир тыйын да таппай калган учурлар болгон. Бирок мага акчадан да тажрыйба топтоо көбүрөөк маанилүү болуп турган. Анткени мыкты иштесең, акча өзү сени издеп келет. Азыр деле бош убактымда чыгып гид болуп иштеп турам.

© Фото / Урмат ОсмоналиевАл француз, англис жана орус тилдеринде эркин сүйлөй алат. Кошумча дагы испан, немис тилдерин үйрөнүдө
Кыргызстанец Сухраб Якубов, работающий в парке развлечений Диснейленд в Париже - Sputnik Кыргызстан
Ал француз, англис жана орус тилдеринде эркин сүйлөй алат. Кошумча дагы испан, немис тилдерин үйрөнүдө

— Чоң ресторан болсо анда иштегендерге айлык акы да жогору төлөнсө керек…

— Компания окуу акыма 4000 евро төлөп жаткандыктан мага 900 евро айлык чыгат. Ал эми бул жакта толук график менен иштегендердин эң аз алган маянасы 1300 евро.

— Чет мамлекетте жүргөндөн кийин тил билүү маанилүү эмеспи. Сиз канча тилди өздөштүрө алдыңыз?

— Учурда француз, англис жана орус тилдеринде эркин сүйлөй алам. Кошумча дагы испан, немис тилдерин үйрөнүп жатам.

— Ал жакта сиз менен иштеген кыргызстандыктар дагы барбы?

— Диснейлендде дүйнөнүн чар тарабынан келген 15 миңдей адам иштейт. Бул жерден азырынча менден башка кыргызстандыктарды кезиктире элекмин. Каяктан болосуң деп сурагандарга Кыргызстандан деп айтсам көбү билишпейт. Анан дүйнөлүк картаны ачып, сүрөттөрдү көрсөтүп, өлкө тууралуу кызыктуу фактыларды айтып берем. Мындан улам айрым дос-тааныштарым жакынкы жылдары Кыргызстанга барууга камынып калышты.

© Фото / Урмат ОсмоналиевСухраб Якубов: Бир жолу ресторанга атактуу футболчу Месси үй-бүлөсү менен тамактанууга келгенде жардамчым экөөбүз тейлегенбиз
Кыргызстанец Сухраб Якубов, работающий в парке развлечений Диснейленд в Париже - Sputnik Кыргызстан
Сухраб Якубов: Бир жолу ресторанга атактуу футболчу Месси үй-бүлөсү менен тамактанууга келгенде жардамчым экөөбүз тейлегенбиз

— Артта калган үч жылдык эмгек жолуңуз эмнеси менен эсиңизде калды?

Германиянын Гамбург шаарында жеке мектептин директору, кыргызстандык Азизбек Турдалиев - Sputnik Кыргызстан
Германиядагы мектеп директору Турдалиев: бул жакта мугалим болуу машакаттуу
— Ресторанга дүйнөгө белгилүү жылдыздар да келип турат. Бирде атактуу футболчу Месси үй-бүлөсү менен тамактанууга келгенде жардамчым экөөбүз тейлегенбиз. Андан кийин голливуд актрисасы Натали Портман келип кеткен. Ошондой эле Франция жылдыздарын көп кездештирүүгө болот. Бир жолу аябай таң калычтуу окуяга туш болдум. Африкалык киши менен сүйлөшүп калсам 20 жыл Токмокто жашаганын айтты. Көрсө, ал Кыргызстандан учкуч кесиби боюнча окуп кеткен экен. Бул мен үчүн аябай кубанычтуу болгон.

— Маегибиздин соңунда караколдук жигиттин келечектеги пландары, кыялы жөнүндө билсек?

— Университетти бүтүп, андан ары магистратурага тапшырайын деп жатам. Келечекте ири кыялдарымдын бири — мейманкана-ресторандарды ачып, Гордон Рамзи сыяктуу мыкты ресторатор болуу. Ошондой эле Парижге Азия, ал эми Бишкекке француз ашканасын ачкым келет. Ар бир жаран чет мамлекетке кетип жатканда, өзүнүн мекенин эстен чыгарбаш керек. Алар тажрыйба топтоп келип өз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө салым кошушу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0