БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Сузак районунда катуу жаандан улам сел түшүп жолду бөгөп, мотоцикл менен бара жаткан эки чет элдик турист камалып калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Билдирмеге ылайык, катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон шагыл, таш аралаш сел түшүп, Жалал-Абад — Казарман унаа жолунун 76-чакырымын бөгөп калган. Мындан улам Жалал-Абаддан Нарынды көздөй мотоцикл менен бара жаткан эки чет элдик турист өтө албай калышкан.
Чет элдик жарандарды куткаруу үчүн ӨКМдин куткаруу отрядынын кызматкерлери 7-июнга караган түнү саат 03:45те аталган дарекке чыгып кетишкен.