БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун иши 12-июнда карала турган болду. Мындай чечимди Биринчи Май райондук сотунда ишке төрагалык кылган судья Эмил Айыпов кабыл алды.
Сот ишинин башталышында Жапаровдун жактоочулары иш менен таанышпаганын айтып, кошумча убакыт сурашты.
Алардын мындай суранычына мамлекеттик айыптоочулар дагы каршы болгон жок.