Литвада НАТОнун мас болгон аскерлери мушташып кетишти

© Sputnik / Сергей Степанов / Медиабанкка өтүүНАТОнун аскер кызматкерлери. Архив
НАТОнун аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр Литвада 200 норвегиялык, 450 германиялык, 100 бельгиялык жана 250 нидерланддык жоокер кызмат өтөөдө.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Литвада кызмат өтөп жаткан германиялык төрт аскер кызматкери ишембиге караган түнү Йонава шаарында мушташтан улам жабыр тартканын өлкө полициясына шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Маалыматка караганда, аскер кызматкерлери мас абалда болгон.

"Учурда жоокерлер амбулатордук дарылануудан өтүп жатышат. Окуя кызмат маалында болбогондуктан, алар формачан эмес болчу. Ушул тапта соттук иликтөөлөр болуп жатат", — деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.

2016-жылы НАТОнун Варшавада өткөн саммитинде Литва, Латвия, Эстония жана Польшага НАТОнун эл аралык батальондорун жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Алардын курамын өз мойнуна Улуу Британия, Германия, Канада жана АКШ алган.

Аталган чечимдин алкагында азыр Литвада 200 норвегиялык, 450 германиялык, 100 бельгиялык жана 250 нидерланддык жоокер кызмат өтөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0