БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. АКШдагы Got Talent деп аталган өнөрлүүлөр сынагында 12 жаштагы кыз калыстардын айран-таң калтырганын Sputnik Казакстан Daily Mail агенттигине таянуу менен билдирди.
Оклахомалык Дарси Линн Фармер Петуния аттуу оюнчук коенеги менен Элла Фицджеральд менен Луи Армстронгдун Summertime ырын аткарып берген. Тестиер кыз уялчаактыгынан арылыш үчүн оозун ачпай ырдоого машыга баштаган.
Окуучу кыздын бул өнөрү калыстарды аябай таң калтырган.
"Көп ийгиликтерди багынтарыңа, жашооңду ушу таптан өзгөрткөнүңө ишенем", — деди калыстардын бири, белгилүү комик Хоуи Мэндел.
Аталган шоу — 1 миллион долларлык байге фондусу менен өтүп жаткан NBC телеканалындагы долбоор.