Бүгүн Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Андыктан бардык балакайларды бүгүнкү майрамы менен чын дилден куттуктайбыз.
Бүгүнкү майрамды өзгөчө өткөрөбүз деген ата-энелерге маданий иш-чаралардын тизмесин сунуштайбыз.
Мындан сырткары, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу БУУнун балдар фондусу (ЮНИСЕФ) менен биргеликте Бишкек мэриясынын колдоосу менен "Кыргызстандын балдары — мезгил арасында" аттуу фотографиялык долбоор сунуштайт. Кененирээк бул жакта.
Азыркы балакайлар эртеңки келечек эмеспи. Андыктан алардын билимге болгон кызыгуусу өтө маанилүү. Буюрса билимдүү жаштарыбыз чыгып, Кыргызстан үчүн кызмат кылаары анык. Ал үчүн биз жакшы шарттарды түзүп беришибиз керек. Ушул максатта билим берүү жана илим министри Оштогу окуу жайларды кыдырды.
Жаштарыбыз билим менен гана чектелбей, кылым карыткан салттарыбызды, түшүнүктөрүбүздү да биле жүргөнү жакшы. Ушуну эсе алып, акка байланыштуу тыюу салынган нерселерди сунуштайбыз.
Башкысы бейчеки кадамдардан, жосунсуз жоруктардан алыс болушса. Антпесе күн узабай ар кыл жаман көрүнүштөр болууда. Буга чейин социалдык тармактагы оюндар төбө чачты тик тургузса, бул ирет аралашма дарылар көйгөй жаратууда.
Ден соолук чың болуп, күчтүү билимге ээ болуу менен кыргыздын кылым карыткан салттарын сактаган күндө гана эл керегине жараган президент чыгары бышык. Биз күткөн балакайлар эрезеге жеткенче алардын келечеги үчүн кызмат кыла турчу президентибизди 2017-жылдын 15-октябрь күнү шайламай болдук.
Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот.
Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.00 (сатып алуу) жана 68.27 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.90 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.
Соңку сөз ордуна. Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү ооруйт.
Бардык балакайларга бактылуу балалык каалап, агаңар Исмаил Мамытов.