БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү демилгесин жактырды.
Аталган демилге камтылган мыйзам долбоору парламентте бүгүн, 31-майда каралып, көпчүлүк депутаттардын добушуна ээ болду.
"КР президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, анда парламенттик шайлоодогу босого жети пайыздан тогуз пайызга көтөрүлүүдө.
Эске сала кетсек, буга чейин президент Алмазбек Атамбаев шайлоо 15-октябрда болоорун айткан.