06:08 20 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Пресс-конференция Презентация проекта Дети Кыргызстана — связь времен

Sputnik менен ЮНИСЕФ балалык тууралуу фотодолбоор сунуштайт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Пресс-релиздер
Кыскача шилтеме алуу
5910

Долбоордун алкагында тартууланчы эмгектер эки бөлүктөн турат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу БУУнун балдар фондусу (ЮНИСЕФ) менен биргеликте, ошондой эле Бишкек мэриясынын колдоосу менен "Кыргызстандын балдары — мезгил арасында" аттуу фотографиялык долбоор сунуштайт.

Интерактивдүү долбоор Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналып, 1-июндан тарта Sputnik сайтында жана агенттиктиктин социалдык тармактарында башталат.

Биринчи бөлүк Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинен алынган сүрөттөрдөн туруп, ал 1900-1990-жылдар аралыгында өлкөнүн ар аймагындагы кыргыз балдарынын улуттук кийими, жашоосу тууралуу кенен маалымат берет.

Жаштардын тарыхын долбоордун экинчи бөлүгү баяндайт — эл назарына XXI кылым балдарынын жашоосу чагылдырылган Sputnik Кыргызстан агенттигинин фотокабарчылары тарабынан тартылган эмгектер тартууланат. Бул эмгектердин айрымдарын шаар тургундары менен коноктору калаанын ачык экспозициялык аянтчаларынан көрө алат.

Юкиэ Мокуо Кыргызстанда бүгүнкү күндө 2 миллион бала бар экенине токтолуп, акыркы жылдары балдардын жашоосун жакшыртуу жаатында алгылыктуу иштердин көп болгонун белгиледи.

"Мисалы, 5 жылдын аралыгында бала өлүмүнүн саны кыскарып, мектепке даярдоо боюнча милдеттүү программа балдардын дээрлик 98 пайызын камтыган. Бул долбоор дагы 100 жылдан кийин Кыргызстан балдарынын ден соолугу чың болушу үчүн эмне кылуу керектигин ойлонууга чакырат", — деди ал.

Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина балдар биздин келечегибиз, байлыгыбыз, үмүтүбүз экенин айтты.

"Агенттиктин фотографы Табылды Кадырбековдун эмгектери аталган долбоордун бир бөлүгү болуп калганына кубанычтабыз", — деди Череменина.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттик кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталына, радиодого жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борборуна ээ. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы орунда турат.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik агенттиги маалыматтарды 30дан ашык тилде таратат. Андан сырткары аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактарда баракчалар бар. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан, кытай жана башка ондогон тилдерде жарык көрөт.

ЮНИСЕФ — БУУнун балдар фондусу 190дон ашуун мамлекетте иш алып барат. Уюм дүйнө жүзүндөгү балдарга кам көрүүнү максат кылат. 1946-жылы негизделген фонд өнөктөштөрү менен бирге жакырчылык, зордук-зомбулук жана дискриминациядан жапа чеккен балдарга жардам берүү, кыйынчылыктарды жеңүү жаатында ишмердигин жүргүзөт. ЮНИСЕФ Кыргызстанда 1994-жылдан баштап иштей баштаган.

Белгилер:
долбоорлор, Сүрөт, ЮНИСЕФ
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ