Бишкекте жаш балдарды тоноп жүргөн 19 жаштагы жигит кармалды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКамактагы адам. Архив
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, милиция тарабынан Ысык-Көл облусунун 19 жаштагы тургуну кармалган.

БИШКЕК, 20-май. — Sputnik. Борбор калаада жаш балдарды күч колдонуп тоноп жүргөн 19 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаЖаш балдарды тоноого шектелген жигит
Задержанный подозреваемый в грабеже  - Sputnik Кыргызстан
Жаш балдарды тоноого шектелген жигит

Билдирүүгө караганда, милиция кызматкерлерине шаар тургуну кайрылып, 11-май күнү түшкү саат 14:00дөр чамасында Курчатов жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинен бейтааныш адам баласынын чөнтөк телефонун күч колдонуп тартып алганын айткан.

"Аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, милиция тарабынан Ысык-Көл облусунун 19 жаштагы тургуну кармалган. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 167-беренеси (талап-тоноо) боюнча кылмыш иши козголду", — деп жазылат маалыматта.

Эгер колго түшкөн жигиттен кимдир бирөө жабыркаса 0705 03 51 50, 0778 75 00 05 номурларына кабарлап коюуну милиция суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0