БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 14-15-май күндөрү Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайга сапар алат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Атамбаев иш сапарынын алкагында Пекин шаарында өтчү "Бир алкак – бир жол" эл аралык форумунун ишине катышат.
Форумга катышуу учурунда Атамбаевдин Кытай Эл Республикасынын төрагасы Цзиньпин менен жолугушуусу болжолдонууда.