БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Борбор калаада 500дөн ашык спортчунун катышуусунда жеңил атлетика боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-5-майда борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жөө күлүктөрдүн жарышы өтүп, ага 14 жаштан жогорку курактагы окуучулар, студенттер жана спортчулар катышат.
Эки күнгө созулган мелдеште 500дөн ашык жөө күлүк ат салышып, 100 метрден беш чакырымга чейинки түрдүү аралыкка чуркашат. Спорттук иш-чара бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика күнүнө карата уюштурулууда.