БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Бала бакчадагы балдар кызылча оорусуна массалык түрдө кабылган жок. Бул тууралуу Бишкек мэриянын алдындагы билим берүү башкармалыгынан маалымдашты.
Белгилей кетсек, буга чейин окурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналына бала бакчаларда кызылча оорусу күч алганын билдиришкен.
"Бир группада 30-40 бала бар. Эгер бир эле бала кызлча менен ооруса санэпидстанция ошол группага карантин жарыялайт. Бир убакта шаардагы 84 бала бакчага карантин жарыяланбайт. Массалык түрдө ооругандар жок, балким бирөө эле болгондур", — деп айтылат маалыматта.
Кызылча да аба аркылуу жугуучу оору. Аны варицелла-зостер аттуу вирус козгойт. Вирустун тышкы чөйрөгө туруктуулугу начар болгондуктан, күн нурунан өлөт. Ал эми суук мезгилде күчөйт. Кызылча менен ымыркайлар төрөлгөндөн бир ай өткөндөн кийин ооруй баштайт. Бул бөлмөлөрдүн желдетилбей, жылуу кармалышы менен түшүндүрүлөт. Мындай шартта вирус көбөйөт. Оорунун жашыруун өнүгүү мезгили 9 күндөн тартып 21 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Анан денеде оору белгилери билине баштайт.